# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябрындагы № 626 токтому Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябрындагы № 626 токтому Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 626
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59545>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13110/edition/328686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59545.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябрындагы № 626 токтому Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (31.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59545

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-ноябры № 626

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк

жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап

турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды

тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

15-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана

жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксат-

тарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитил-

син.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-июнундагы № 324

"Чет өлкөлүк граждан, граждандыгы жок адам үчүн Кыргыз Республикасында

жашоого убактылуу жана туруктуу вид жана граждандыгы жок адамдын күбө-

лүгү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту

деп эсептелсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри И.Чудинов
