# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябры № 622 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилге кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябры № 622 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилге кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 622
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13107/edition/328683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябры № 622 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилге кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59541

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-ноябры № 622

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилге

кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен

жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын

социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык

камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты П.Р.Туленды-

баев тарабынан демилге кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жа-

быркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-ноябрындагы

№ 622 токтому менен

жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаты П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилге

кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен

жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын

социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык

камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты П.Р.Тулендыба-

ев тарабынан демилге кылынган "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыр-

каган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып,

төмөнкүлөрдү билдирет.

1. "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республи-

касынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Долбоордун 1-статьясында:

1-пункттун биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштай-

быз:

"1. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:".

4-1-статьянын сунушталган редакциясынын биринчи бөлүгүндө "респуб-

ликалык бюджеттен" деген сөздөрдү "республикалык жана жергиликтүү бюд-

жеттерден" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.

3-пункттун алтынчы абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштай-

быз:

"1) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жар-

дам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасына

ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам (стационарда жана амбу-

латориялык) көрсөтүү, белгиленген нормалардын чектеринде дары-дармек-

терди бекер алуу (врачтын рецепти боюнча), врачтын корутундусу боюнча

жылына бир жолу санаториялык-курорттук дарыланууга жыл сайын жолдомо

менен акысыз камсыздоо, ал эми жолдомо берүүгө мүмкүн болбосо - жолдо-

монун орточо наркынын 50 проценти өлчөмүндө акчалай компенсация алуу,

жашаган жеринен дарыланган, диспансердик, амбулаториялык же клиникалык

текшерүү жерине чейин жана андан кайра келүүгө транспорттун бардык

түрлөрүндө (таксини жана маршруттук таксини кошпогондо) бекер жүрүү;".

7-пункттун төртүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйга-

рым укук берген орган бекиткен" деген сөздөрдү "ыйгарым укуктуу мамле-

кеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.

7-пункттун бешинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштай-

быз:

"Төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:".

"Эсептик көрсөткүч жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

2-статьясына ылайык эсептик көрсөткүч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекити-

лет, буга байланыштуу 8-пункттун бешинчи абзацында ", Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү тарабынан белгиленген" деген сөздөрдү алып салууну су-

нуштайбыз.

11-пункттун биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш-

тайбыз:

"Төмөнкүдөй мазмундагы IV-1-бөлүм менен толукталсын".

## IV бөлүмдүн сунушталган редакциясынын аталышында "IV" цифрасын

"IV-1" деген цифра менен алмаштырууну сунуштайбыз.

Мындан тышкары долбоордун 20-23-статьяларынын номерин 19-1 - 19-4

деген номерлер менен алмаштырууну сунуштайбыз.

Долбоордун 22-статьясында ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым

укук берген" деген сөздөрдү "же" деген сөз менен алмаштырууну сунуштай-

быз.

2. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.

Мыйзам долбоорунун 1-статьясында:

1-пунктту алып салууну сунуш кылабыз, анткени "Мамлекеттик пенсия-

лык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

4-статьясына ылайык бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укуктуу

адамдарга алардын тандоосу менен бир пенсия дайындалат.

2-пунктту да алып салууну сунуштайбыз, анткени сунушталган норма

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пунктунда каралган, ага ылайык

жалпы пенсия Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин бекит-

кенде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан жыл сайын индек-

сацияланат. Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 26-1-стать-

ясында пенсияларды индексациялоодо пенсияларды кайра эсептөө жүргүзүлө

тургандыгы аныкталган.

Маалымат үчүн: Индексация - контракттар жана милдеттенмелер боюнча

төлөмдөрдүн инфляциядан коргоо каражаты катары баалардын индекси менен

катышы.

3-пунктта Чернобыль АЭСинде авариянын кесепеттерин жоюу боюнча

ажыратуу зонасынын чектериндеги иштерге катышкан же ошол мезгилде Чер-

нобыль АЭСин эксплуатациялоого же башка иштер менен алектенген адамдар-

га (анын ичинде убактылуу жиберилген же командировкага барган), ошондой

эле жайгашкан жерине жана аткарган иштерге карабастан көрсөтүлгөн ава-

риянын кесепеттерин жоюуга байланыштуу атайын жыйымдарга чакырылган жа-

на ошол мезгилде иштерди аткарууга тартылган аскер кызматчыларына жана

аскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле ажыратуу зонасында кызмат өтөгөн

ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызмат органдарынын

башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына Кыргыз Республикасында

түзүлгөн пенсиялардын орточо өлчөмүнүн проценттеринде пенсияларга

үстөктөрдү белгилөө сунушталат.

Бирок, пенсияларга үстөктөр "Мамлекеттик пенсиялык социалдык кам-

сыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын

нормалары менен жөнгө салынат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши бекиткен эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн аныкталат. Ушуга байла-

ныштуу 3-пунктту да алып салуу зарыл деп эсептейбиз.

Бул мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн 61 млн. сом өлчөмүндө кошумча ка-

ражат талап кылынат, алардын 35 миллионун Кыргыз Республикасынын Соци-

алдык фондунун бюджетинен, калганын - республикалык бюджеттен издеп та-

буу болжолдонууда.

2009-жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Со-

циалдык фондунун бюджетинин долбоорунда жана 2010-2011-жылдарга божо-

молдо бул каражаттар каралган эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

финансы ресурстары менен камсыздалбаган "Чернобыль кыйроосунун кесепе-

тинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык

камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун

кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт, анткени республикалык

бюджеттен кошумча каражаттарды издеп табуу азыркы мезгилде мүмкүн эмес.
