# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №621 "Консультациялык курулуш кеңешин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №621 "Консультациялык курулуш кеңешин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 621
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13106/edition/328682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №621 "Консультациялык курулуш кеңешин түзүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59540

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-ноябры № 621

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Консультациялык курулуш кењешин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы №

164 "Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана куруу маселелеринде уруксат

берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын

3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Консультациялык курулуш кењеши тиркемеге ылайык курамда түзүл-

сүн.

2. Консультациялык курулуш кењеши жөнүндө тиркелген жобо бекитил-

син.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик-

ке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-ноябрындагы

№ 621 токтомуна

тиркеме

Консультациялык курулуш кењешинин

КУРАМЫ

Кењештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-

тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

Кењештин төрагасынын орун басарлары:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри-

нин орун басары;

- бизнес-шериктештиктин өкүлдөрүнүн арасынан бир жылдык мөөнөткө

шайланат.

Кењештин мүчөлөрү:

Мамлекеттик органдардан:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өнөр жайды, сооданы,

туризмди, чакан жана орто бизнести, транспорт жана коммуникацияларды,

курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын

орун басары (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

гинин статс-катчысы;

- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-

кеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери

боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун

орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин дирек-

торунун орун басары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан:

- Бишкек шаарынын вице-мэри;

бизнес шериктештиктен:

- Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулда-

шуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору

(макулдашуу боюнча);

- Америка соода палатасынын өнөр жай иштери жана инвестициялар бо-

юнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулда-

шуу боюнча);

- "Азат" корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстан директорлор гильдиясы коомдук бирикмесинин төрагасы

(макулдашуу боюнча);

- "Шаардолбоор" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макул-

дашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Экономиканы жана

ишкердикти өнүктүрүү боюнча коомдук палатасынын архитектура, курулуш

жана курулуш материалдары боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюн-

ча);

кењеш берүүчү добуш менен башка уюмдардан:

- Эл аралык ишкер кењештин аткаруучу директору (макулдашуу боюн-

ча);

- бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча USAID долбоорунун директору (ма-

кулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
