# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 618
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13105/edition/858157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (10.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59537

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-ноябры № 618

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү, региондордун социалдык-эко-

номикалык өнүгүүсүн тездетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандарын кошумча финансылык ресурстар менен камсыздоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу,

жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бе-

китилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык баалуу

кагаздарды чыгарууда жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунуш-

талсын.

3. "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу

жана жүгүртүү жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-октябрындагы № 692 токтому күчүн жо-

готту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
