# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябры №617 токтому "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябры №617 токтому "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 617
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13104/edition/1181943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябры №617 токтому "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59536

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 10-ноябры № 617

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кээ бир категориядагы кызматкер- лердин эмгек акысынын шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-янва- рындагы № 22 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизил- син: аталган токтомго № 1 тиркемеде:

- 3-пункттагы "секретарь-машинистканын, стенографисттин, диктофон

кызматынын машинисткасынын" деген сөздөр "секретарь-машинистканын, сте- нографисттин, диктофон кызматынын машинисткасынын, телефонисттин жана лаборанттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-5-пункттар менен толукталсын:

"4. Башкы бухгалтерлердин кызмат маянасы сектор башчынын дењгээ- линде, ал эми бир эле мезгилде ведомстволук мекемелердин эсеби жана от- четтуулугу менен иштеген башкы бухгалтерлердики - башкарманын курамын- дагы бөлүм башчынын (начальниктин) дењгээлинде белгиленет.

5. Кассирлердин кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын дењгээ-

линде белгиленет.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эм-

гек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
