# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №613 "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №613 "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13102/edition/328678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №613 "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59532

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-ноябры № 613

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги

карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык,

бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык

санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн финансы-экономикалык

абалын негизги карыздар, эсептелген проценттер, туум-айыптар, финансы-

лык жана айыптык санкциялар боюнча бюджеттин алдында карызды реструкту-

ралаштыруу аркылуу турукташтыруу жана колдоо максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары,

эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана

кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын

реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-

ындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги

карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык,

бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык

санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө

Бул Мыйзамдын максаты электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн

финансы-экономикалык абалын негизги карыздар, эсептелген проценттер,

туум-айыптар, салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча финансы-

лык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды реструктуралаштыруу аркылуу

турукташтыруу жана колдоо болуп эсептелет.

1-статья. Жалпы жоболор

1. Бул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергиясынын не-

гизги берүүчүлөрүнө, салык, бажы органдарына жана Кыргыз Республикасы-

нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна

жайылтылат.

2. Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

- негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому

(мындан ары - "Электр станциялары" ААК) жана "Кыргызстандын улуттук

электр тармактары" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызстандын

улуттук электр тармактары" ААК);

- карыздарды реструктуралаштыруу - "Электр станциялары" ААК жана

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК үчүн төлөө мөөнөттөрүн

узартуу жана карызды жарым-жартылай эсептен чыгаруу;

- проценттер, туум-айыптар, финансылык жана айыптык санкциялар

белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстери-

не ылайык салыктарды, жыйымдарды жана бажылык төлөмдөрдү, Кыргыз Рес-

публикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн карыздык милдеттенменин

шарттарына ылайык кредиттерди өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген

суммалар.

2-статья. Реструктуралаштыруу шарттары

"Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр

тармактары" ААКнын карыздарын реструктуралаштыруу 25 жылдык мөөнөткө

аныкталат, мында карыз жылдар боюнча бирдей бөлүштүрүлөт жана төлөй

баштоо 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдырылат.

"Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр

тармактары" ААКнын карыздарын реструктуралаштыруу бюджеттин алдында не-

гизги карыздар, эсептелген проценттер, туум-айып, финансылык жана айып-

тык санкциялар боюнча 2008-жылдын 1-июлуна карата жүргүзүлөт.

3-статья. Реструктуралаштыруу механизми

Реструктуралаштырууга "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызс-

тандын улуттук электр тармактары" ААКнын Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун алдындагы

жалпы суммасы 3269,8 млн. сомго негизги карыздары, эсептелген процент-

тер, туум-айып, салыктык, бажылык төлөмдөр жана кредиттер боюнча финан-

сылык жана айыптык санкциялар боюнча карыздар тийиштүү, мында реструк-

туралаштыруунун төмөнкүдөй тартиби бекитилет:

1) "Электр станциялары" ААКнын жалпы суммасы 2180,7 млн. сом өлчө-

мүндөгү карызы, анын ичинде:

салыктар боюнча:

- төлөй баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 824,2

млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;

- эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча

587,4 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;

бажылык төлөмдөр боюнча:

- төлөй баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 563,5

млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;

- эсептелген проценттер, туум-айыптар, финансылык жана айыптык

санкциялар боюнча 55,2 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;

кредиттер боюнча:

- 150,4 млн. сом суммасындагы айыптык санкциялар боюнча карыз

эсептен чыгарылсын.

2) "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКнын жалпы суммасы

1089,1 млн. сом өлчөмүндөгү карызы, анын ичинде:

салыктар боюнча:

- төлөй баштоону 3 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен 493,9

млн. сом суммасына негизги карыз боюнча карыз реструктуралаштырылсын;

- эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча

477,4 млн. сом суммасындагы карыз эсептен чыгарылсын;

кредиттер боюнча:

- 119,5 млн. сом суммасындагы айыптык санкциялар боюнча карыз

эсептен чыгарылсын.

Реструктуралаштыруунун шарттарын аткарууда реструктуралаштыруу

мөөнөтүнүн ичинде негизги карыздын реструктуралаштырылган суммасына

проценттерди, туум-айыптарды, финансылык жана айыптык санкцияларды

эсептөө жүргүзүлбөйт.

4-статья. Күчүнө кириши

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
