Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-ноябры N 610
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол
коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада
Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык
коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык кор-
гоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө ма-
кулдашуунун XX статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду атка-
руу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жө-
нүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык
коргоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-
луп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн
ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык
коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык кор-
гоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө ма-
кулдашууну ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун
күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Респуб-
ликасынын аткаргандыгы жөнүндө канада тарабына билдирсин.
3-статья.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон