# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13096/edition/382190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59525

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-ноябры № 606

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр

дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн

акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жа-

ратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, жаныбарлар жана

өсүмдүктөр дүйнөсүнүн табигый объекттерин пайдалангандык үчүн акы алуу-

ну белгилөө жана акы алуунун жана аны пайдалануунун тартибин киргизүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн

жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тар-

тиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 269

"Кыргыз Республикасында жаратылыштык ресурстарды пайдалангандык үчүн

акы алуунун нормативин жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи, үчүнчү жана алтынчы абзацтары алып салынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
