Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2008/2009-жылдын жылытуу сезонуна даярдоонун жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-октябры № 602
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана
калкын 2008/2009-жылдын жылытуу сезонуна даярдоонун
жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республиканын
отун-энергетика комплексинин ишканалары 2008/2009-жылдын жылытуу сезо-
нуна даярдануу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт.
Ошондой болсо да, суу аз келгенине байланыштуу Токтогул суу сакта-
гычындагы суунун дењгээли төмөн бойдон калууда.
Күз-кыш мезгилден ишеничтүү чыгуу максатында көмүрдүн керектүү кө-
лөмүн алып келүү камсыздалууда, үч фазалуу туташууларды ажыратуу жолу
менен 660 МВт электр энергиясын бошотуу боюнча иш уланууда, ошондой эле
Казакстан Республикасынан 250,0 млн. кВтс электр энергиясын импорттоо
жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Министрликтер, ведомстволор, облустардын мамлекеттик администраци-
ялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, бөлүштүрүүчү энергия ком-
паниялары электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин камсыздоо
боюнча, электр котельныйларды отундун альтернативдүү түрлөрүнө этаптуу
которуу жана энергия менен камсыздоо программасын иштеп чыгуу боюнча
тапшырмаларды аткарбай жатышканын белгилей кетүү зарыл.
Иш жүзүндө болуп жаткан абалды эске алып жана 2009-жылдын 1-апре-
лине карата Токтогул суу сактагычында суунун пландалган дењгээлин сак-
тоо үчүн, 2008/2009-жылдын күз-кыш мезгилинде республиканын отун-энер-
гетика комплексинин ишеничтүү иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдүн иштери канааттанарлык эместиги белгиленсин:
- облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарла-
рынын, бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялардын электр энергиясын керек-
төөнүн белгиленген лимитин сактоо боюнча, электр котельныйларды отундун
альтернативдүү түрлөрүнө этаптуу которуу жана региондордо энергия менен
камсыздоо программасын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын
ТЭЦинде электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети төмөнкүлөргө карата тартиптик жаза чараларын колдонуу
жөнүндө сунушту директорлор кењешинин кароосуна киргизсин:
- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр", "Жалал-Абад
электр" ачык акционердик коомдорунун башкы директорлоруна керектөөнүн
белгиленген лимитинен ашкандык, үч фазалуу туташтырууну жылытуу жана
ысык суу менен камсыздоо максатында пайдаланган абоненттерди ажыратууну
өз убагында бүтүрбөгөндүк, тиричиликте керектөөчүлөрдү уруксат берилген
кубаттуулукту тактап, электр энергиясы менен жабдууга контракттарды
кайра түзүү боюнча иштерди аяктабагандык үчүн;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директоруна
Бишкек шаарынын ТЭЦинин пландагы жүктөмдүк тапшырмасын аткарбагандык
үчүн.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын жана
энергия компанияларынын башкы директорлоруна электр энергиясын керек-
төөнүн белгиленген лимитин сактоо боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 416 "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 "Токтогул суу
сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республика-
сынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы
мезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруунун жүрүшү
тууралуу" токтомуна ылайык Бишкек шаарынын ТЭЦинин пландагы жүктөмдү
алуу боюнча тапшырмасы кынтыксыз аткарылышын камсыздасын;
- бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялар менен бирдикте төмөнкүлөрдү
камсыздасын:
бошотулчу электр энергиясынын региондор боюнча көлөмдөрүн, тирке-
меге ылайык;
интернат үйлөрдүн, төрөт үйлөрдүн, психикалык-неврологиялык интер-
нат үйлөрдүн, ооруканалардын жана окуу жайлардын электр энергиясы менен
үзгүлтүксүз камсыздалышын, мында аталган объекттерди жылытуудан жана
ысык суу менен камсыздоодон ажыратпасын;
- тиричиликтен башкага керектөөчүлөр (анын ичинде бюджеттегилер)
үчүн электр энергиясын өткөн жылдагы иш жүзүндө керектөөнүн 30 проценти
эсебинде чектөө менен лимиттерди белгилесин;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна
энергиялык компаниялар сутка ичиндеги сааттык графикте бекитилген ке-
ректелчү кубаттуулукту сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук
энергетика системасында электр энергиясын (кубаттуулукту) өчүрүүнүн
(чектөөнүн) графиктерин иштеп чыгуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө
нускамага ылайык күз-кыш мезгилде керектөөчүлөрдү камсыздоо борборлору-
нан (жогорку чыњалуудагы трансформатордон) өчүрүүнүн графиктерин колдо-
нууга уруксат берилсин. Мында электр энергиясынын керектелишин күн сай-
ын мониторингдөөнү жана ал жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоону камсыз-
дасын;
- 2008-жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө жылытуу жана ысык суу
менен камсыздоо максатында иштетилчү электрдик жабдууларды өз эркинче
кошкондук үчүн финансылык санкцияларды көбөйтүү маселесин карасын;
- керектөөчүлөр жабдууларды өз эркинче туташтыруусун болтурбоо
үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция
электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимити сакталышын такай конт-
ролдошун камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Газ чарба-
сындагы коопсуздуктун эрежелерине ылайык коомдук тамактануу жайларында
суюлтулган газ жана көмүр пайдаланууга аларды пайдалануунун коопсузду-
гуна контролду камсыздоо менен уруксат берсин.
5. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык
штаб ысык суу менен камсыздоо жана жылытуу максатында электр энергиясын
пайдаланууга чектөө коюлчу юридикалык жактардын, өкүлчүлүктөрдүн жана
филиалдардын, жеке ишкерлердин тизмелерин райондор боюнча түзсүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын, облустук мам-
лекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын
жетекчилери котельныйларды отундун альтернативдүү түрлөрүнө этаптуу ко-
торуу боюнча ишти тездетишсин.
7. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын
мэрлери, шаар башкармаларынын жана айыл өкмөттөрдүн башчылары:
- ведомствого караштуу аймактарда жарыктандырылган жарнамалык так-
таларды жана көрнөктөрдү өчүрүшсүн, көчөнү жарыктандыруунун жалпы көлө-
мүн азайтышсын;
- элдин, ошондой эле уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын же-
текчилеринин арасында энергияны үнөмдөө жана ГОСТко ылайык келбеген
электрдик жылытуучу приборлорду пайдаланууга убактылуу тыюу салуунун
зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- бөлүштүрүүчү энергиялык компаниялардын райондук подразделениеле-
ри менен бирдикте электр энергиясынын лимиттерин бөлүштүрүшсүн жана
сакташсын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги энергетика компа-
нияларына бул токтомду аткаруу боюнча ар тараптан жардам көрсөтсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-
ринчи вице-премьер министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №135 "Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары…Постановление · 09.04.2008 · № 135
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2008 года № 416 (Данное постановление Правительства Кыргызской Республики является документом для служебного пользования.)Постановление · 31.07.2008 · № 416