# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябры № 599 токтому "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 235 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябры № 599 токтому "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 235 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 599
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13091/edition/328666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябры № 599 токтому "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 235 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59518

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-октябры № 599

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк

майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга

(экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы

№ 235 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын 9-статьясына жана "Буудайга, буудай жана буудай-кара

буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгуу-

га (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 235 токтомуна толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 16-октяб-

рындагы N 685-IV токтомуна ылайык, экономикага инвестицияларды тартуу

жана республиканын экспорттук потенциалын көбөйтүү максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына

жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы

алымдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

20-майындагы № 235 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Буудайга, буудай жана буудай-ка-

ра буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чы-

гууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын ставкасында:

биринчи саптын "Продукциянын аталышы" деген графа "Буудай" деген

сөздөн кийин ", Кыргыз-Корея "Агро-Органик" биргелешкен ишканасынын

2500 (эки мињ беш жүз) тонна өлчөмүндө буудайды ташып чыгуусунан (экс-

порттоосунан) тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
