# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябры № 598 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябры № 598 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 598
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13090/edition/328665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябры № 598 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59517

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-октябры № 598

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-

боору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети-

нин төрагасы бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-

ындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №

296-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 299-статьяда:

- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн мињге чейинки өлчөмүндө айып тар-

туу же болбосо үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазала-

нат.";

- экинчи бөлүктөгү 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3) адамдардын тобунун же кылмыштуу шериктештиктин (кылмыштуу уюм-

дун) курамында;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн

мурда соттолгон адам тарабынан, -";

- экинчи бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эсептик көрсөткүчтүн бир мињден беш мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүр-

гүзүү укугунан ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу

менен жазаланат.".

2. 29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 299-1 жана 299-2-статьялар менен

толукталсын:

"299-1-статья. Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутууга

багытталган уюшкан иш-аракет

(1) иш-аракети улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу, улут-

тук кадыр-баркты басмырлоо, алардын динге карата мамилесинин белгилери

боюнча жаранды өзгөчө, үстөмдүгүн же болбосо толук кандуу эместигин

пропагандалоо менен коштолгон коомдук бирикмени жана диний уюмду же

болбосо башка уюмду түзүү жана ага жетекчиликти ишке ашыруу; -

эсептик көрсөткүчтүн бир мињден беш мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир

иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эрки-

нен ажыратуу менен жазаланат.

(2) экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө, ошондой эле жарандарды

алардын ишине тартууга байланыштуу жоюу же ишмердигине тыюу салуу

жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний

уюмдун же болбосо башка уюмдун ишмердигин уюштуруу, -

эсептик көрсөткүчтүн эки мињден алты мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүр-

гүзүү укугунан ажыратуу менен алтыдан сегиз жылга чейин эркинен ажыра-

туу менен жазаланат.

(3) экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө байланыштуу жоюу же ишмер-

дигине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим

кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка

уюмдун ишмердигине катышуу, -

- эсептик көрсөткүчтүн бир мињден үч мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүр-

гүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу

менен жазаланат.

(4) өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам, ошондой эле экстре-

мисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон

адам тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бө-

лүктөрүндө каралган жосун, -

- эсептик көрсөткүчтүн үч мињден жети мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүр-

гүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыратуу

менен жазаланат.

Эскертүү: экстремисттик иш-аракетти жүзөгө ашырууга байланыштуу

жоюу же ишмердигине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө

кирген чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же бол-

босо башка уюмдун ишмердигине катышууну ыктыярдуу түрдө токтоткон же ал

мындай бирикмелердин жана уюмдардын уюштуруучуларын жана мүчөлөрүн

аныктоодо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына

көмөктөшкөн адам, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы

камтылбаса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

299-2-статья. Экстремисттик материалдарды таркатуу же болбосо

аларды даярдоо жана жайылтуу максатында сатып алуу,

сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле

экстремисттик уюмдардын символикасын же

атрибуттарын атайылап колдонуу

(1) экстремисттик материалдарды таркатуу же болбосо аларды даярдоо

жана жайылтуу максатында сатып алуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошон-

дой эле экстремисттик уюмдардын символикасын же атрибуттарын атайылап

колдонуу, -

- эсептик көрсөткүчтүн бир мињден беш мињге чейинки өлчөмүндө айып

тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүр-

гүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу

менен жазаланат.

(2) ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) кызмат абалын пайдалануу менен;

3) чет өлкөлүк, коомдук бирикмелерден жана диний уюмдардан же бол-

босо башка уюмдардан, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардан алынган фи-

нансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен;

4) эл алдында иш-чараларды өткөрүү учурунда;

5) экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн

мурда соттолгон адам тарабынан жасалса, -

- эсептик көрсөткүчтүн беш мињден жети мињге чейинки өлчөмүндө

айып тартуу же болбосо кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш

жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыра-

туу менен жазаланат.".

2-статья.

"Экстремисттик иш-аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 2005-ж., N 11, 901-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"мамлекеттин экстремисттик иш-аракеттерге каршылык көрсөтүүдө баш-

ка мамлекеттер менен кызматташуусу;".

2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Тигил же бул маалыматтык материалдарда же оозеки түрдө айтууларда

экстремисттик мазмунду аныктоо предметине экспертиза жүргүзүү үчүн

координациялык эксперттик комитет түзүлөт, алардын жобосу жана курамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
