Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-октябры № 596
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди
(баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
26-октябрындагы № 637 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүм-
дөрүнүн, мекемелердин, мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөтүү уку-
гу берилген субъекттердин акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) та-
рифтерди (бааларды) түзүүлөрүнүн жана колдонууларынын тууралыгына мам-
лекеттик контролду өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)
түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен беки-
тилген, Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)
түзүүнүн ыкмасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруу бийлик орган-
дарынын, алардын структуралык" деген сөздөр "мамлекеттик органдар,
алардын ведомстволук жана аймактык" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөр-
дө алмаштырылсын;
- 1-1-пункттагы "мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү"
деген сөздөр "мамлекеттик акы төлөмө кызматтардын жана уруксат берүүчү
документтердин реестрине киргизилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук жана аймактык
бөлүмчөлөрүнө, мекемелерге, субъекттерге, мамлекеттик жана муниципалдык
ишканаларга оперативдүү башкаруудагы жана чарба жүргүзүү укугундагы жо-
гору турган органдарды жана уюмдарды кармоого акы төлөмө кызматтардын
наркынын эсебинен которуу жүргүзүүгө тыюу салынат.";
- 2-4-пунктта "аткаруу бийлиги органдарынын структуралык" деген
сөздөр "мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык" деген сөз-
дөр менен алмаштырылсын;
- 3-2-пунктта "аталган органдын структуралык" деген сөздөр "атал-
ган органдын ведомстволук жана аймактык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-3-пункт менен толукталсын:
"3-3. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа)
макулдашуу үчүн берилүүчү материалдардын толуктугуна жана тууралыгына
жоопкерчиликти акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана уруксат берүүчү
документтердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдардын жана анын
ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн, мекемелердин, субъекттердин
жетекчилери тартышат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-2-пункт менен толукталсын:
"4-2. Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана уруксат берүүчү доку-
менттердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдар, алардын ведомст-
волук жана аймактык бөлүмчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык ишкана-
лар, мекемелер жана субъекттер ар бир акы төлөнүүчү кызмат боюнча өзүн-
чө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 5-1-пунктта:
төртүнчү абзац "негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер"
деген сөздөрдөн кийин "отчеттук мезгилде" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
бешинчи абзац "алгачкы мезгилинин баланстык (калдык) наркынан 10%
(пайыз) " деген сөздөр жана сандар менен толукталсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Автомашиналарды ондоого кеткен чыгымдар транспортко амортизация-
лык которуулардан орду толтурулат.";
6-1-пунктта "аткаруу бийлигинин органдарынын жана мекемелердин акы
төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчү структуралык бөлүмдөрүнүн республика-
лык жана региондук реестрлерин" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын
ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн республикалык жана региондук
реестрлерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдерин
ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы №596 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн ыкмасы жөнүндө" тартибиПорядок · 26.10.2000 · № 637
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын…Постановление · 25.03.2011 · № 119