# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 595 " Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 595 " Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13087/edition/328662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 595 " Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтом (23.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59514

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-октябры № 595

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука

районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан

жерлерди "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген

коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6, 384-статьяла-

рына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 20

жана 32-статьяларына жана "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун

берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча рес-

публикалык комиссия менен макулдашылган, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука

районундагы Көк-Таш айылдык округунун аймагында жайгашкан, аянты 260,4

га жайытты "Бозымчак" кенинде пайдалуу кендерди иштетүү жана кен-байы-

туу ишканасын куруу үчүн иштетүү максатында жер казыналарын пайдалануу

укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-

дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген 2008-жыл-

дын 23-январындагы № 710 АЕ лицензияларга ылайык ижара келишимдин шар-

тында "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна 19

жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алын-

сын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга

байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун

наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Казахмыс

Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөөсүн;

"Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер

участокторго жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффи-

циентти, ал эми 2009-жылдын 1-январынан тартып 1 коэффициентти колдо-

нуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтү менен

ижара келишимин түзүүсүн.

4. "Казахмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому белги-

ленген тартипте экологиялык жана техникалык коопсуздук, бөлүп берилүүчү

жер участогундагы кенди коргоо жана аны пайдалануу жагында эксперттик

корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну жана

колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экс-

пертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
