# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 590 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 590 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13082/edition/426427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы № 590 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (18.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59509

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 21-октябры № 590

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына

(жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди)

аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

17-июлундагы № 445 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товар-

ларга (жумуштарга, көрсөтүүчү кызматтарга) бааларды (тарифтерди) туура

аныктагандыгына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуш-

тарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тар-

тиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген Мамлекет башка-

руучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кыз-

маттарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобого

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1.1-пункт "табигый, мамлекеттик, уруксат берилген монополиялар-

дын субъекттерине карата колдонулат" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой

эле товарларга (жумуштарга, көрсөтүү кызматтарына) бааларды (тарифтер-

ди) жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча

жүргүзүлүүчү башка чарбакер субъекттер" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-бөлүмдүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нарк товарды өндүрүү жана кызмат (жумуш) көрсөтүү боюнча иш

жүзүндө түзүлгөн чыгымдарды чагылдырууга тийиш.";

- 3.9-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен

толукталсын:

"Продукциянын өздүк наркына амортизациялык которуулар түрүндөгү

негизги каражаттарды сатып алуу үчүн алынган кредиттерге төлөнүүчү па-

йыздардын суммасы киргизилет.";

3.11-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мыйзамдар менен белгиленген (негизги каражаттарды жана матери-

алдык эмес активдерди сатып алуу менен байланышкан кредиттерден тышкар-

кы) ставкалардын чегиндеги банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр жана

товардык-материалдык баалуулуктарды (башка ишканалар тарабынан жумуш-

тарды аткаруу, кызмат көрсөтүү) сатып алуу үчүн товарларды (жумуштарды,

кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн) кредиттери боюнча

пайыздарды төлөөгө чыгымдар;";

- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- негизги каражаттарды оњдоого чыгымдар Кыргыз Республикасынын

Салык кодексинде каралган өлчөмгө ылайык аныкталат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары өздөрүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү

боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
