# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы №589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүшүн берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы №589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүшүн берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 589
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13081/edition/328655/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-октябрындагы №589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүшүн берүү жөнүндө"токтому (21.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59507

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 21-октябры № 589

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарына

жер үлүшүн берүү жөнүндө

Айыл жеринде туруктуу жашашкан жана жер үлүшүн алууга укугу бар,

бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү учурунда

түрдүү себептер боюнча аларды албаган жарандарды жер үлүшү менен камсыз

кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына жана

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок Кыргыз Республикасынын Жер

кодексин колдонууга киргизүү учурунда түрдүү себептер боюнча аларды ал-

баган Кыргыз Республикасынын жарандарына тиркемеге ылайык Айыл чарба

багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жеринин эсебинен жер

үлүшүн акысыз берүү жөнүндө жергиликтүү кењештердин сунуштары кабыл

алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган Айыл чарба багытындагы жер-

лерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жер үлүштөрүн Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандарына берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомун белгиленген тартипте бекит-

кенден кийин жергиликтүү кењештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешине бекитүүгө жиберилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеши аталган маселени караган учурда Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 21-октябрындагы

№ 589 токтомуна

тиркеме

Айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү

фондунун жеринен Кыргыз Республикасынын

жарандарына берилүүчү жерлердин

АЯНТТАРЫ

| № | Район- | Жер | Жаран- | Керек- | Анын ичинде |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | дордун | үлүшүн | дардын | түү | \------------------------------- |  |  |  |
|  | аталыштары | алууга | саны | аянт | сугат | кайрак | көп | Чабын- |
|  |  | укугу бар |  | (га) | айдоо | айдоо | жылдык | дылар |
|  |  | үй-бүлө- |  |  |  |  | өсүм- |  |
|  |  | лөрдүн |  |  |  |  | дүктөр |  |
|  |  | саны |  |  |  |  |  |  |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Республика | 4197 | 10162 | 4307 | 3210 | 1007 | 1 | 89 |  |
| боюнча |  |  |  |  |  |  |  |  |
| бардыгы |  |  |  |  |  |  |  |  |
|  | Жалал-Абад | 336 | 709 | 129 | 98 | 24 | 0 | 7 |
|  | облусу |  |  |  |  |  |  |  |
| 1 | Ала-Бука | 6 | 13 | 2,87 | 2,87 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 2 | Аксы | 40 | 117 | 24,51 | 10,41 | 10,45 |  | 3,65 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Базар-Кор- | 27 | 101 | 25,28 | 12,28 | 11,89 |  | 1,11 |
|  | гон району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Ноокен | 199 | 398 | 64,11 | 63,27 | 0,81 |  | 0,03 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 5 | Жалал-Абад | 64 | 80 | 12,00 | 9,00 | 0,60 |  | 2,40 |
|  | шаары |  |  |  |  |  |  |  |
| Ысык-Көл | 1344 | 2157 | 891 | 763 | 129 | 0 | 0 |  |
| облусу |  |  |  |  |  |  |  |  |
| 1 | Ак-Суу | 43 | 86 | 52,95 | 36,13 | 16,82 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 2 | Ысык-Көл | 486 | 796 | 245,69 | 245,69 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Жети-Өгүз | 654 | 996 | 423,72 | 423,72 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Тоњ району | 37 | 39 | 13,49 | 12,47 | 1,02 |  |  |
| 5 | Түп району | 124 | 240 | 155,58 | 44,88 | 110,70 |  |  |
| Нарын облусу | 481 | 1368 | 695 | 543 | 152 | 0 | 0 |  |
| 1 | Ак-Талаа | 105 | 444 | 115,74 | 76,74 | 39,00 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 2 | Ат-Башы | 40 | 121 | 76,62 | 75,9 | 0,72 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Нарын | 43 | 146 | 63,52 | 63,52 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Жумгал | 176 | 183 | 292,08 | 179,88 | 112,20 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 5 | Кочкор | 117 | 474 | 146,89 | 146,89 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| Ош облусу | 485 | 1468 | 311 | 170 | 81 | 1 | 59 |  |
| 1 | Алай | 39 | 146 | 61,31 | 21,68 | 8,96 |  | 30,67 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Кара-Кулжа | 3 | 15 | 5,55 | 0,60 | 1,95 |  | 3,00 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Кара-Суу | 161 | 493 | 68,43 | 43,02 | 22,57 | 0,14 | 2,70 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 5 | Ноокат | 109 | 421 | 59,94 | 21,92 | 33,84 | 0,46 | 3,72 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 6 | Өзгөн | 47 | 177 | 42,83 | 9,96 | 14,09 |  | 18,78 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 7 | Чоњ-Алай | 126 | 216 | 72,80 | 72,80 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| Талас облусу | 764 | 2209 | 884 | 851 | 33 | 0 | 0 |  |
| 1 | Бакай-Ата | 185 | 416 | 129,35 | 129,35 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 2 | Кара-Буура | 103 | 285 | 111,38 | 111,38 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Манас | 97 | 303 | 119,70 | 86,95 | 32,75 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Талас | 379 | 1205 | 523,74 | 523,74 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| Чүй облусу | 787 | 2251 | 1396,42 | 785 | 588 | 0 | 23 |  |
| 1 | Аламүдүн | 99 | 263 | 114,52 | 52,39 | 47,36 |  | 14,77 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 2 | Жайыл | 95 | 300 | 378,42 | 66,58 | 311,84 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 3 | Ысык-Ата | 102 | 277 | 158,90 | 95,23 | 55,74 |  | 7,93 |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 4 | Кемин | 52 | 145 | 81,05 | 80,91 | 0,14 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 5 | Москва | 14 | 22 | 24,89 | 24,89 |  |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 6 | Панфилов | 68 | 207 | 231,60 | 126,33 | 105,27 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 7 | Сокулук | 310 | 929 | 331,26 | 263,74 | 67,52 |  |  |
|  | району |  |  |  |  |  |  |  |
| 8 | Чүй району | 47 | 75,78 | 74,78 | 0,34 | 0,66 |  |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
