Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-октябры № 583
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык
Коомчулуктардын Комиссиясынын ортосундагы Кыргыз
Республикасында Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын
Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын
ортосундагы Кыргыз Республикасында Европалык Коомчулуктардын Комиссия-
сынын Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Коомчулуктардын
Комиссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Европалык
Коомчулуктардын Комиссиясынын Өкүлчүлүгүн ачуу, анын
артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын орто-
сундагы Кыргыз Республикасында Европалык Коомчулуктардын Комиссиясынын
Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макул-
дашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашу-
нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун
аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Европалык Коомчулук-
тардын Комиссиясына жиберсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон