# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 "Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 "Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 580
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13073/edition/1142580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы №580 "Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө" токтому (16.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59498

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-октябры N 580

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо

жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну

децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"

Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2008-2010-жылдарга карата

иш-чаралардын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл-

дын 4-июлундагы № 364 токтомунун муниципалдык менчик объекттерине ин-

вентаризациялоо жүргүзүү, мамлекеттик объекттерди муниципалдык менчикке

кабыл алуу-өткөрүү жана муниципалдык менчик объекттерине укукту мамле-

кеттик каттоо процессин аяктоо жагында аткаруу максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүн

тиркелген тартиби бекитилсин.

2. Райондук мамлекеттик администрациялар, облустук жана республи-

калык маанидеги шаарлардын мэриялары:

- муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү бо-

юнча тиешелүү комиссияларды жер жерлерде түзүшсүн жана 2009-жылдын

1-январына чейин муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентари-

зациялоону жүргүзүшсүн, аларды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон до-

кументтерди даярдашсын;

- 2009-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү

өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине Муниципалдык мен-

чик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү тартибине тиркелген формага

ылайык муниципалдык менчик объекттерине жүргүзүлгөн инвентаризациялоо-

нун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беришсин.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдары, кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонун

аймактык органдары 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө муниципал-

дык менчик объекттерине укуктарды каттоону аяктоо боюнча кечиктирилгис

чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

рына төмөнкүлөр сунушталсын:

- муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентаризациялоо

жүргүзүүдө башка ыкмалар менен киргизилген жана алынган объекттерди ин-

вентаризациялоо боюнча кошумча иштерди жүргүзүү;

- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу боюнча, аларды ижарага

берүү, сатуу бөлүгүндө чараларды көрүү;

- "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарлары-

нын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтому ме-

нен бекитилген Типтүү жобого ылайык муниципалдык менчик объекттеринин

жана мүлктөрдүн эсебин алуу, реестрин түзүү боюнча чараларды көрүү;

- 2009-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда муници-

палдык менчик объекттерине укукту каттоо менен байланышкан чыгымдарды

кароо.

5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери

боюнча улуттук агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,

кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонун аймактык органдары жана

эл аралык уюмдар менен бирдикте муниципалдык менчик объекттерине укукту

каттоого документтерди даярдоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын кызматчылары үчүн региондук семинарларды өткөрүү

сунушталсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-

кулдашуу боюнча) жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
