# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябры № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябры № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13072/edition/1142578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябры № 579 "Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө (16.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59497

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-октябры № 579

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна

мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө

"Карабалта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна (мындан ары

ААК) мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында инвестициялык программалар-

ды аткаруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Куранжайлоо"

алтын кенин кайрадан иштетүү боюнча чаралар жөнүндө" 2002-жылдын 20-ию-

нундагы № 389, "Карабалта кен комбинаты" акционердик коомунун кредитор-

дук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" 2006-жылдын 29-сентябрындагы №

705, "1999-2003-жылдар үчүн акциялардын пакетинин мамлекеттик үлүшүнө

эсептелген дивиденддер боюнча акционердик коомдордун карыздарын төлөө-

сүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө" 2006-жылдын 26-июнундагы № 456 токтом-

доруна ылайык, "Карабалта кен комбинаты" ААКнын Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө болгон кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жого-

руда аталган токтомдорун аткаруу максатында "Карабалта кен комбинаты"

ААКнын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасы-

нын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

каруу боюнча мамлекеттик комитети менен түзүлгөн келишимдерди жана ма-

кулдашууларды эске алуу менен, ошондой эле калдыктары сактоочу жайлар-

дын бүтүндүгүн сактоо менен байланышкан мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаал-

дардын алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Карабалта кен комбинаты" ААКнын 8358618,72 АКШ доллары сумма-

сында UBS банкынын кредити боюнча республикалык бюджеттин алдындагы

кредиттик карызын, ошондой эле 2003-жылдын 19-сентябрындагы № 73-03 Ка-

рыздык милдеттенме боюнча кредитти пайдалануу жана айыптык санкциялар

үчүн эсептелген 25424,13 АКШ доллары суммасындагы процентти төмөнкүдөй

тартипте рестуруктуралаштырсын:

- 8358618,72 АКШ доллары өлчөмүндө карыздын суммасын жоюунун

мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.

- 8358618,72 АКШ доллары өлчөмүндө карыздын суммасын жоюуну баштоо

мөөнөтү 2011-жылдын 1-январынан тартып аныкталсын, мында тиешелүү түрдө

бирдей жарым жылдык төлөм жүргүзүлсүн (31-декабрда жана 30-июнда);

- 8358618,72 АКШ доллары болгон карыз суммасына "Карабалта кен

комбинаты" акционердик коомунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы

№ 705 токтому күчүнө кирген күндөн тартып проценттерди эсептебесин.

2003-жылдын 19-сентябрындагы № 73-03 Карыздык милдеттенмеге ылайык кре-

дитти пайдалануу жана айыптык санкциялар үчүн эсептелген 25424,13 АКШ

доллары суммасындагы процентти жоюу "Карабалта кен комбинаты" акционер-

дик коомунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-сентябрындагы № 705 токтому

күчүнө киргенге чейин 2011-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-де-

кабрына чейин бирдей жарым жылдык төлөм түрүндө (31-декабрда жана

30-июнда) аныкталсын;

- "Карабалта кен комбинаты" ААК менек макулдашуу боюнча "Карабалта

кен комбинаты" ААКнын Карыздык милдеттенме боюнча күрөөлүк камсыздоосун

Гидрометаллургиялык заводунан жана Борбордук илимий-изилдөө лаборатори-

ясынан тышкары "Карабалта кен комбинаты" ААКнын болгон мүлкүнө алмаш-

тырсын;

- "Карабалта кен комбинаты" ААКкы менен 2003-жылдын 19-сентябрын-

дагы № 73-03 Карыздык милдеттенмени жана "Куранжайлоо" алтын кенин кай-

радан иштетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 20-июнундагы № 389 токтомуна ылайык түзүлгөн карызды жоюу

боюнча 2003-жылдын 19-сентябрындагы № 73-03 Карыздык милдеттенмеге

2004-жылдын 1-ноябрындагы кошумча макулдашууну бузсун жана карызды рес-

труктуралаштыруу тууралуу жогорудагы шарттарды эске алуу менен жањы ка-

рыздык милдеттенме түзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун

ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минис-

трлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик

агенттик жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мындан ары ААК) ме-

нен бирдикте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароо-

суна "Карабалта кен комбинаты" ААКнын пайдалануусуна калдыктарды сак-

тоочу жайларды берүүнү тариздөө жана "Карабалта кен комбинаты" ААКнын

пайдалануусуна уставдык капиталга мурда кирбеген мүлктү өткөрүп берүү

боюнча чечимдин долбоорун киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
