# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13069/edition/328642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери жөнүндө" токтому (07.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59494

---

Бишкек ш, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 27-ноябрындагы №563

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу

боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери

жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 7-августундагы №429

токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитетине жүктөлгөн милдеттердин жана функция-

лардын аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу

боюнча мамлекеттик комитетине мамлекеттик менчиктештирүү

фондунан 25,0 (жыйырма беш) млн. сом суммасындагы акча

каражатын акысыз негизде комитеттин чыгымдарын жабууга.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы №429 токтомунун

редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-

тик комитети менен бирдикте республикалык бюджеттен Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-

тик комитетин каржылоо маселеси боюнча эки айлык мөөнөттө

белгиленген тартипте сунуш киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана

ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу А.Атамбаев
