# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому2008-жылдын 13-октябры №575 " Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому2008-жылдын 13-октябры №575 " Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 575
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13067/edition/328640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтому2008-жылдын 13-октябры №575 " Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу (13.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59492

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-октябры № 575

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол

коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну

бекитүү тууралуу

Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Акысыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун 5-статьясында каралган

мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республика-

сынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын че-

немдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын

негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Анкара шаарында 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Акысыз аскердик жардам жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулда-

шуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду

Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө түрк тарабына билдирсин.

3. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган Макулдашууну аткарууга жооп-

туу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.

Премьер-министр И.Чудинов
