# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы №573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы №573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13066/edition/402411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы №573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"токтому (05.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59490

---

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 5-августундагы № 452 токтомуна ылайык

күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-октябры № 573

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук

маанидеги шаардык кењештеринин жана райондук

кењештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн

жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

(2010-жылдын 12-мартындагы №146 токтомунун редакциясына ылайык)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетин

өркүндөтүү максатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кењештеринин аппарат-

тарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;

- облустук маанидеги шаарлардын шаардык кењештеринин аппараттары-

нын типтүү түзүмү жана штаттык саны;

- райондук кењештердин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык

саны.

2. Республикалык, облустук маанидеги шаардык кењештердин жана ра-

йондук кењештердин төрагаларына эмгек акы тиешелүү жергиликтүү бюджет-

тердин каражаттарынын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-

кулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы

жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана регион-

дук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-октябрындагы

№ 573 токтому менен

бекитилген

Республикалык маанидеги шаарлардын

шаардык кењештеринин аппараттарынын

ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ

(2010-жылдын 12-мартындагы №146 токтомунун редакциясына ылайык)

| № | Кызматтардын аталышы | Ош шаары | Бишкек шаары |
| --- | --- | --- | --- |
| п\\п |  |  |  |
| 1 | Аппарат жетекчиси | 1 | 1 |
| 2 | Бөлүм башчысы | 2 | 5 |
| 3 | Башкы адис | 3 | 12 |
| 4 | Жетектөөчү адис | 4 | 7 |
| 5 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 |
| 6 | Жетекчинин катчысы | 1 | 1 |
|  | Бардыгы | 12 | 27 |

Эскертүү. Кызматтык автомобиль болсо шаардык кењештин чечимдерин

айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн, ал эми кассирдин

милдетин аткаруу жетекчинин катчысына жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-октябрындагы

№ 573 токтому менен

бекитилген

Облустук маанидеги шаарлардын

шаардык кењештеринин аппараттарынын

ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ

| № | Кызматтардын аталышы | Калктын саны | Калктын саны | Калктын саны |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| п\\п |  | 30 мињ адамга | 30 мињден 60 | саны 60 мињден |
|  |  | чейинки | мињ адамга | ашуун адамга |
|  |  | шаарлар үчүн | чейинки | чейинки |
|  |  | штаттык | шаарлар үчүн | шаарлар үчүн |
|  |  | бирдиктердин | штаттык | штаттык |
|  |  | саны | бирдиктердин | бирдиктердин |
|  |  |  | саны | саны |
| 1 | Жооптуу катчы | 1 | 1 | 1 |
| 2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 |
| 3 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 2 |
| 4 | Адис |  | 1 | 1 |
|  | Бардыгы | 3 | 4 | 5 |

Эскертүү Шаардык кењештин чечими менен иш кагаздарын жүргүзүүчү

катчынын бир штаттык бирдиги, кызматтык автомобиль болсо - айдоочунун

бир штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.

Шаардык кењештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүүнү

мэриянын башкы бухгалтери ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-октябрындагы

№ 573 токтому менен

бекитилген

Райондук кењештердин аппараттарынын

ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ

| № | Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
| --- | --- | --- |
| п/п |  |  |
| 1 | Жооптуу катчы | 1 |
| 2 | Башкы адис | 1 |
| 3 | Жетектөөчү адис | 1 |
|  | Бардыгы | 3 |

Эскертүү. Райондук кењештин чечими менен иш кагаздарын жүргүзүүчү

катчынын бир штаттык бирдиги, кызматтык автомобиль болсо - айдоочунун

бир штаттык бирдиги киргизилиши мүмкүн.

Райондук кењештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун

жүргүзүүнү райондун мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери иш-

ке ашырат.
