# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 9-октябры № 572 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу.

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 9-октябры № 572 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 572
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13065/edition/328638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 9-октябры № 572 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу. (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59489

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 9-октябры № 572

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга

бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга бюджети

жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ушул мыйзам долбоорун ка-

раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-

далсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылга

бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө

1-статья.

2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети N 1

тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 11513,6 млн.сом суммасында жана чыга-

шалар боюнча 12336,8 млн. сом суммасында жана Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун бюджети 2009-жылга өтө тартыш болгон учурда 823,2

млн.сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

Пенсиялык фонд - кирешелер боюнча 2009-жылга 10579,8 млн.сом сум-

масында жана чыгашалар боюнча 11403,0 млн.сом суммасында;

Топтолуучу фонд - кирешелер боюнча 2009-жылга 328,3 млн.сом сумма-

сында жана чыгашалар боюнча 328,3 млн.сом суммасында;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - кирешелер боюнча

2009-жылга 605,5 млн.сом суммасында жана чыгашалар боюнча 605,5 млн.сом

суммасында.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-2011-жылдарга бюд-

жетинин негизги параметрлеринин божомолу N 1 тиркемеге ылайык жактырыл-

сын:

Кирешелер боюнча 2010-жылга божомол - 13017,9 млн.сом жана

2011-жылга божомол - 14421,3 млн.сом, чыгашалар боюнча 2010-жылга божо-

мол - 14975,0 млн.сом жана 2011-жылга божомол - 16680,9 млн.сом, анын

ичинде:

Пенсиялык фонд - кирешелер боюнча божомол 2010-жылга - 11639,2

млн.сом, 2011-жылга божомол - 12881,8 млн.сом жана чыгашалар боюнча

2010-жылга божомол - 13596,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 15141,4

млн.сом;

Топтолуучу фонд - кирешелер боюнча 2010-жылга божомол - 693,3

млн.сом, 2011-жылга божомол - 774,9 млн.сом жана чыгашалар боюнча

2010-жылга божомол - 693,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 774,9 млн.сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - кирешелер боюнча

2010-жылга божомол - 685,4 млн.сом, 2011-жылга божомол - 764,6 млн.сом

жана чыгашалар боюнча 2010-жылга божомол - 685,4 млн.сом, 2011-жылга

божомол - 764,6 млн.сом;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин тартыштыгынын

божомолу 2010-жылга - 1957,1 млн.сом жана 2011-жылга - 2259,6 млн.сом.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгү

2009-жылга жана 2010-2011-жылдарга божомолу социалдык камсыздандырууга

чегерүүлөрдүн жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен

2009-жылга - 11513,6 млн.сом, 2010-жылга божомол - 13017,9 млн.сом,

2011-жылга божомол 14421,3 млн.сом өлчөмүндө түзүлөрү аныкталсын, анын

ичинде фонддор боюнча:

Пенсиялык фонд 2009-жылга - 10579,8 млн.сом, 2010-жылга божомол -

11639,2 млн.сом, 2011-жылга божомол - 12881,8 млн.сом;

Топтолуучу фонд 2009-жылга - 328,3 млн.сом, 2010-жылга божомол -

693,3 млн.сом, 2011-жылга божомол - 774,9 млн.сом;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2009-жылга - 605,5

млн.сом, 2010-жылга божомол - 685,4 млн.сом, 2011-жылга божомол - 764,6

млн.сом.

4-статья.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен

2009-жылга 2006,6 млн.сом суммасында, 2010-жылга божомол - 2427,9

млн.сом суммасында, 2011-жылга божомол - 2729,0 млн.сом суммасында кар-

жылоо бекитилсин, анын ичинде:

аскер кызматкерлеринин пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иш-

тер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жана башкалардын пенсио-

нерлерине) жана аскер кызматчыларын мамлекеттик милдеттүү жеке камсыз-

дандырууга 2009-жылга - 437,3 млн.сом, 2010-жылы божомол - 503,1

млн.сом, 2011-жылга божомол - 548,3 млн.сом;

пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бийик тоолуу шарттарда иш-

тегендиги үчүн) жана майыптардын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу-

ларынын жана башкалардын пенсияларына үстөктөр 2009-жылга - 971,1

млн.сом, 2010-жылга божомол - 1218,2 млн.сом, 2011-жылга божомол -

1362,3 млн.сом;

пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө

2009-жылга - 598,2 млн.сом, 2010-жылга божомол - 706,6 млн.сом,

2011-жылга божомол - 818,4 млн.сом.

5-статья.

Пенсиялык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду-

нун чыгымдарынын статьяларын каржылоо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

- Пенсиялык фонддун каражаттары боюнча 2009-жылга - 11403,0

млн.сом, 2010-жылга божомол - 13596,3 млн.сом, 2011-жылга божомол -

15141,4 млн.сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун каражаттары боюнча

2009-жылга - 605,5 млн.сом, 2010-жылга божомол - 685,4 млн.сом жана

2011-жылга божомол - 764,6 млн.сом.

6-статья.

Топтолуучу фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-

бынан аныкталган тартипте инвестициялоого жөнөтүлөрү белгиленсин.

7-статья.

2009-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымда-

рынын статьяларын каржылоо жана 2010-2011-жылдарга божомол N 2 тиркеме-

ге ылайык бекитилсин.

8-статья.

2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

чыгашаларын каржылоо жана 2010-2011-жылдарга божомол камсыздандыруу

төгүмүнүн жана башка булактардын эсебинен иш жүзүндө алынган кирешелер-

дин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду чогултулган каражаттардын

тиешелүү камсыздандыруу фонддоруна өз учурунда которулушу үчүн жоопкер-

чилик тарта тургандыгы белгиленсин.

Мурунку финансылык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-

дунун администрациялык чыгымдарына каралган пайдаланылбай калган кара-

жаттарын колдонуу укугу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

администрациялык чыгымдары келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн

көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган өлчөмдө түзүлөөрү жана чыгымдары белги-

ленсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бюджетти аткаруу процессин-

де төмөнкүлөргө укуктуу экендигин белгиленсин:

- эгерде бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин

киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясында бе-

китилген сумманын чектеринде ушул Мыйзамдын N 1 жана N 2 тиркемелерине

өзгөртүү киргизүүгө;

- кошумча келип түшүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектеринде

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнө

өзгөртүү киргизүүгө.

Киргизилүүчү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-

рабынан каралат жана кабыл алынат.

9-статья.

Бюджеттик жыл деп 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы убакыт

эсептеле тургандыгы белгиленсин. Эсептөө мезгили финансылык жылды жана

ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын ичинде

пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчеттук жыл үчүн бюджетти атка-

руунун алкагында кабыл алынган милдеттемелер боюнча операциялар аякта-

лат. Бюджет боюнча операцияларды аяктоонун конкреттүү мөөнөтү жыл сайын

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасы тарабынан аныкта-

лат.

10-статья.

Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2009-жылдын 1-январынан баштап

күчүнө киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
