# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-октябрындагы №559 "«Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-октябрындагы №559 "«Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 559
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13056/edition/546724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-октябрындагы №559 "«Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" (03.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59475

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 3-октябрындагы № 559 «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иштешин толук камсыз кылуу, мамлекеттик менчиктеги объекттерди өткөрүп берүү жолу менен муниципалдык менчикти түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.

2. «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомго «Райондук маанидеги Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси» деген № 5 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы

1

7362610

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасын белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И. Чудинов
