Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 3-октябрындагы № 559 «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иштешин толук камсыз кылуу, мамлекеттик менчиктеги объекттерди өткөрүп берүү жолу менен муниципалдык менчикти түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомго «Райондук маанидеги Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси» деген № 5 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«Сууканал» Чолпон-Ата ишканасы
1
7362610
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети «Сууканал» Чолпон-Ата ишканасын белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И. Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар…Постановление · 16.12.1998 · № 827
- Постановление Чолпонатинского городского кенеша от 23 июня 2010 года №6 "XII сессии Чолпонатинского городского Кенеша XXVII созыва"Постановление · 23.06.2010 · № 6
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар…Постановление · 16.12.1998 · № 827
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37