Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 3-октябры № 558
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260
токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелин-
деги № 62 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскердик багыттагы
продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсөтүү
боюнча ишмердикти лицензиялоо боюнча лицензиар болуп аныкталсын.
2. "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтому менен беки-
тилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо ушул токтом-
дун тиркемесине ылайык редакцияда 45-глава менен толукталсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 3-октябрындагы
№ 553 токтомуна
тиркеме
"45-глава
Аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу,
чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча
ишмердикти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Ишмердиктин лицензия берилүүчү түрүнүн аталышы: аскердик багыт-
тагы продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу жана кызматтарды көрсө-
түү.
2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-
ги.
3. Лицензиянын бланкында көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча рекви-
зиттер:
- лицензиат өз ишмердигин аймактык жактан бөлүнгөн бир нече объек-
ттерде жүргүзгөн учурда ага өзүнчө лицензия (уруксат) берилбейт. Мындай
объекттер жөнүндө маалыматтар (дарек, телефон ж.б.) лицензиянын блан-
кында дароо көрсөтүлүшү керек.
4. Лицензия башкы болуп эсептелеби: жок.
5. Лицензиянын колдонуу аймагы: Кыргыз Республикасы.
6. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү: убактылуу, 2 жылдан кем эмес мөө-
нөткө.
7. Лицензия ээликтен чыгарылып башка адамдарга өткөрүп берилбейт
жана бул тууралуу белгиси болушу керек.
8. Кошумча лицензиялык талаптар:
- лицензиаттын квалификациялык жана техникалык дењгээли ишмердик-
тин ушул түрү үчүн коюлган талаптарга ылайык келиши керек;
- ишмердиктин лицензиялануучу түрлөрүн ишке ашыруу укугу лицензи-
аттын уюштуруу документтеринде (Устав, Жобо ж.б.) көрсөтүлүшү керек.
9. Лицензия берүү үчүн кошумча документтер:
а) Лицензиаттын ишмердигинин шарттары белгиленген талаптарга туура
келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун
ресурстары министрлигинин эксперттик корутундусу;
б) түшүндүрмө кат, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- лицензиаттын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маа-
лымат;
- иштин сапатын жана коопсуздугун камсыздоочу квалификациялуу
адистер жөнүндө маалымат;
- аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, чыгаруу, сатуу
жана кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү жооптуу инженердик-техникалык
кызматкерлердин эмгектик ишмердиги жөнүндө маалымат;
- ишмердиктин ушул түрүнүн экологиялык жактан коопсуз экендигине
негиздеме;
- аткарылган иштердин сапатына контроль жүргүзүү системасы жөнүндө
маалымат;
- финансылык абалы жана каржылоо булактарынын тизмеси ж.б. жөнүндө
маалымат;
- нормативдик-техникалык документтердин тизмеси, анын негизинде
лицензиялануучу ишмердик жүргүзүлөт.
Лицензиар зарыл учурда кошумча маалымат берүү, лицензиаттын ишмер-
дигин текшерүү жана изилдөө үчүн көз карандысыз эксперттерди тартуу та-
лабын кое алат.
Лицензиат лицензия алууга документте көрсөтүлгөн маалыматтардын
бардык өзгөрүүлөрү жөнүндө лицензиарга өзгөрүү кирген күндөн тартып 10
күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
Лицензиар берилген документтерде баяндалган маалыматтардын туура-
лыгын текшерүүгө укуктуу.
10. Лицензияны кайра сурап алуунун башка негиздери жана тартиби:
- лицензиаттын күнөөсү боюнча кыйла зыян алып келген авария;
- өз милдеттерин аткарбоо же лицензияда белгиленген шарттарды бу-
зуу;
- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жана
айлана-чөйрөнүн булганышына алып келген ишмердик жүргүзүү;
- лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде лицензиянын колдонулушун
бир нече жолу токтото туруу.
11. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун башка негиздери жана
тартиби:
- кызматкерлердин жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна
реалдуу коркунучту аныктоо, ошондой эле лицензиардын лицензиатты мындай
коркунучту жоюуну милдеттендирген чечимин лицензиаттын аткарбоосу.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу ушул Жободо белгиленген
тартипте жүргүзүлөт.
12. Лицензия берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү лицензия берүүдө ли-
цензиардын тарткан тиешелүү чыгымдарынан аныкталат, бирок эсептик көр-
сөткүчтүн үч минималдуу өлчөмүнөн ашпашы керек.
13. Лицензия берүү үчүн сумманы төлөө тартиби ушул Жобонун 9-гла-
васына ылайык жүргүзүлөт.
14. Квалификациялык экзамендерди (аттестациялоону) берүү тартиби-
нин өзгөчөлүктөрү: талап кылынбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 19.04.2008 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон