# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13053/edition/328626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (02.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59472

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-октябры № 556

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан

ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу,

жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана мамлекеттик

баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзгөн башка жактар өздөрүнүн

чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Жүгүртүү мөөнөтү 18 жана 24 ай болгон мамлекеттик казыналык

векселдер аларды жүгүртүү мөөнөтүнө чейин колдонулаары белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик орто мөөнөттүү купондук баалуу кагаздарды чыгаруу,

жайгаштыруу жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 11-майындагы № 260 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыга-

руу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү жобону бекитүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №

845 токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
