# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13052/edition/384398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59471

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-октябры № 555

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин

кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук

аппаратын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Ош шаары, Му-

минов көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан имараттын биринчи кабатын жана

жертөлө жайын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

-ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын ;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-

нистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге өзгөртүү-

лөрдү киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)

3.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары,

Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №

111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-

гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-

нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-

лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-

на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

экинчи абзацындагы "ээлеп турган 1699,8 кв.м аянттагы бөлмө-жайлар

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгү бөлүмү-

нө аныкталган тартипте бекитип берилсин" деген сөздөр алып салынсын.

5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №

111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-

гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-

нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-

лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-

на толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 12-ноябрындагы № 835 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
