Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-октябры № 555
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин
кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук
аппаратын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Ош шаары, Му-
минов көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан имараттын биринчи кабатын жана
жертөлө жайын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
-ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын ;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-
нистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге өзгөртүү-
лөрдү киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
3.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары,
Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №
111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-
гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-
нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-
лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-
на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
экинчи абзацындагы "ээлеп турган 1699,8 кв.м аянттагы бөлмө-жайлар
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгү бөлүмү-
нө аныкталган тартипте бекитип берилсин" деген сөздөр алып салынсын.
5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №
111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-
гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-
нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-
лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-
на толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 12-ноябрындагы № 835 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-
лүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-марты № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетииин…Постановление · 19.03.2001 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык…Постановление · 17.06.2011 · № 324
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 2004 года № 835 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2001 года № 111 «О передаче…Постановление · 12.11.2004 · № 835 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-марты № 111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетииин…Постановление · 19.03.2001 · № 111
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 2004 года № 835 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2001 года № 111 «О передаче…Постановление · 12.11.2004 · № 835 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.