Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 июня 2018 года № 298 "Об открытии Единого депозитного счета для учета и аккумулирования денежных средств, поступающих от возмещения ущерба, причиненного государству по уголовным делам об экономических и должностных преступлениях, и утверждении Порядка распределения денежных средств, возмещаемых государству по результатам деятельности правоохранительных органов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-22.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 2-октябры № 551 Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 444, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693, 2015-жылдын 19-июну № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери боюнча иштерине өбөлгө түзүү жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-статьясына, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына ылайык бюджеттик ссудалардын жана чет өлкөлүк кредиттердин кайтарылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 383 токтомдун редакцияларына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Экономикалык кылмыштар менен кγрѳшγγ боюнча мамлекеттик кызматына (финансылык полиция) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча күнөөлүү адамдар тарабынан (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясында каралган кылмыштарды, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтурууларды, социалдык чегерүүлөрдү жана мамлекеттин үлүшү 51 проценттен ашык болгон чарбакер субъекттерди кошпогондо) зыяндын ордун толтуруудан мамлекетке келип түшкөн сумманын 30 процентин тиешелүү мамлекеттик органдардын эсебине кириштөөгө уруксат берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 444, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693, 2015-жылдын 19-июну № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган каражаттар тууралуу төмөнкүлөр белгиленсин:
- кылмыштык иштер боюнча, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштык иштер боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясында каралган кылмыштардан, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтуруудан, социалдык которуулардан, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашык болгон чарбакер субъекттерге тиешелүү кылмыштардан башкалары боюнча) тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн (прокурорлордун) токтомдорунун негизинде, прокурордун укуктук актылары боюнча, тийиштүү укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгында соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде түшкөн каражаттар болуп эсептелет жана тийиштүү бюджеттин киреше жана сарптоо бөлүктөрүндө чагылдырылат;
- атайын каражаттар болуп эсептелээри жана тиешелүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө чагылдырылаары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган ведомстволук ченемдик укуктук акты менен аныкталган тартипте пайдаланылаары, ошондой эле зыяндын ордун толтурууда катышкан кызматкерлерди жана жарандарды сыйлоого багытталышы мүмкүн экендиги.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 383 токтомдун редакцияларына ылайык)
3. Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун күнөөлүү адамдар тарабынан толтурууда келип түшкөн суммалар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтурууларды, социалдык чегерүүлөрдү жана мамлекеттин үлүшү 51 проценттен ашык болгон чарбакер субъекттерди кошпогондо) республикалык бюджетке толук өлчөмдө которулат. Аталган сумма республикалык бюджетке келип түшкөндөн кийин анын 30 проценти каражаттар келип түшкөн айдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн укук коргоо органдарынын эсептерине, бюджеттин киреше бөлүгүн 30 процентке барабар суммага кыскартуу менен которулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 444, 2015-жылдын 19-июну № 383 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №520 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын…Постановление · 25.03.2011 · № 119
- КР Премьер-министрин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 400 (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 14.12.2009 · № 400
- "2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү "СТРАТЕГИЯСЫСтратегия · 16.02.2018
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин…Инструкция · 02.02.2010 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин…Постановление · 02.02.2010 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуПостановление · 22.06.2018 · № 298
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык…Постановление · 19.06.2015 · № 383 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы №444 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик…Постановление · 09.07.2009 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2011 · № 693 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 224 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16 марттындагы №171 " Укук бузуулардын жана (же) контрабандалык кылмыштардын куралы же объектиси болуп эсептелген буюмдарды сатуудан…Постановление · 16.03.2006 · № 171
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1341-XII · Күчүн жоготкон