# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 549 "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 549 "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 549
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13047/edition/328620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 549 "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59465

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-октябры № 549

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-

луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна көрсөтүлгөн

мыйзам долбоору киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-

ры министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ушул мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-

ындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 327-ст.)

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статьясы толукталсын:

"32-1-статья. Мунай газ тармагындагы ишмердикти жүзөгө ашырууда

мыйзамга каршы иш-аракеттери үчүн адамдардын

жоопкерчилиги

Мунай жана жаратылыш газ товар болуп саналат.

Мунайды, жаратылыш газын уурдоолорго жана башка мыйзамга каршы иш-

тер үчүн күнөөлүү адамдар мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тар-

тат.".

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
