# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №545 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №545 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13042/edition/339966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №545 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтому (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59457

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-октябры № 545

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү

легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-

рууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган

учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү

легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү жөнүндө

1-статья.

"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-

га байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-

кин-Тоо" гезити 2007-жылдын 14-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоо киргизилсин:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталышында "легалдаштырууга

байланыштуу мунапыс тууралуу" деген сөздөр "легалдаштыруу тууралуу" де-

ген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 3-статьяда "210-213" деген сандар алып салынсын.

3. 5-статьяда:

- 2-пункттун 1-пунктчасында "5" деген сан "0,1" деген санга алмаш-

тырылсын;

- 2-пункттун 2-пунктчасында "5" деген сан "0,1" деген санга алмаш-

тырылсын.

4. 6-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Капиталды жана мүлктү легалдаштырууга арыздарды кабыл алууну

баштоо мөөнөтү аталган Мыйзамды ишке ашырууга даярдыктын дењгээлине

(легалдаштыруу тууралуу күбөлүктүн формаларын даярдоо жана бекитүү,

мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү даяр-

доо жана киргизүү, Мыйзамды ишке ашыруу үчүн кечиктирилгис чаралардын

планын бекитүү ж.б.у.с.) жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгы менен белгиленет.".

5. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши

Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет жана

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен белгиленген тартипте

аткарылышы керек.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
