# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 544 "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 544 "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13041/edition/1142574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 544 "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (29.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59456

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-сентябры № 544

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар

өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу

боюнча чаралар тууралуу

"Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мам-

лекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, күй-

үүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо кырдаалын жөнгө салуу макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик ыйгарым

укуктуу орган болуп аныкталсын:

- талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кол-

доо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) алып

келүүнү ишке ашыруу боюнча;

- талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде аймактык жооптуу сактоочу-

ларга КММны жеткирүү боюнча;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдары бекиткен разнарядкаларга ылайык, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген баа боюнча накталай эсептешүү

менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө КММны берүү боюнча.

2. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 30,0 мињ куб. м дизел-

дик отун сатып алынаары белгиленсин, анын ичинде:

- 15,0 мињ куб.м - жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн;

- 15,0 мињ куб.м - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жана

күзгү талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдан баштап

жыл сайын:

- республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдун

2-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдө дизелдик отун сатып алууга каражат ка-

расын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-

лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жазгы та-

лаа жумуштарын жүргүзүүгө 15,0 мињ куб.м дизелдик отун сатып алуу үчүн

финансы каражатын бөлсүн, мында биринчи партияны сатуудан түшкөн кара-

жаттар кийин түшүм жыйноого жана күзгү талаа жумуштарын жүргүзүүгө 15,0

мињ куб.м дизелдик отун сатып алууга пайдаланылаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

жана облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте үч айлык мөө-

нөттө Айылдык товар өндүрүүчүлөргө дизелдик отунду берүү тартиби жөнүн-

дө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул токтомго

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-

лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик алып келүүчү

КММга "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мам-

лекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына

ылайык бажылык тариздөө жүргүзсүн.

6. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-

ги:

- айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилүүчү КММны максаттуу пайдала-

нууну камсыздашсын:

- табигый кырсыктардан жапа чеккен жана артыкчылыктуу шарттарда

анклавдарда, чек арага жакын, бийик тоолуу айылдарда жайгашкан район-

дордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүшсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инс-

титуту, Бишкек сыноо жана сертификациялоо борбору (макулдашуу боюнча),

мамлекеттик резервге түшүүчү КММга алардын сапатынын жана коопсуздугу-

нун негизги көрсөткүчтөрү боюнча контролдук сыноо жана сертификациялоо

жүргүзүү үчүн жооптуулар болуп аныкталышсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
