# КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 29-сентябры № 543 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 29-сентябры № 543 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 543
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13040/edition/328611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 29-сентябры № 543 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" (29.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59455

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-сентябры № 543

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги

N 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес

багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга

ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти

бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Республикада инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлорго акый-

кат, бирдей укуктук режим берүү жана алар Кыргыз Республикасынын эконо-

микасына алып келишкен инвестициялардын корголушун гарантиялоо жолу ме-

нен инвестициялардын келишине өбөлгө түзүү, ошондой эле "Кыргыз Респуб-

ликасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жа-

на Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге жана ма-

кулдашууларга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №

260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы

жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн

өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы "4" деген сан "1" деген санга алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген коэффициент жерди

берүүдө төмөнүрөөк коэффициент белгиленген чет өлкөлүк жактарга карата

колдонулбайт.".

2. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри И.Чудинов
