# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрдын № 542 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу"токтом

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрдын № 542 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу"токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59454>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13039/edition/352103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрдын № 542 " Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу"токтом (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59454

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-сентябры № 542

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа

кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан

чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу

чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбатта-

гандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамле-

кеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" 2008-жылдын 8-сентябрында-

гы N 326 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособие-

лерге 2008-жылдын 1-октябрынан тартып 35 сом өлчөмүндө ар айдагы убак-

тылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-

дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белги-

ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- мамлекеттик пособиелерге берилүүчү ар айдагы убактылуу компенса-

циялык төлөмдөрдүн өз убагында каржылануусун камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

компенсациялык төлөөлөрдү мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир мез-

гилде тиешелүү ай үчүн жүзөгө ашырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
