Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Президентинин „Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө“ Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу»токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 декабря 2009 года №826 "О временных ежемесячных компенсациях на продукты питания получателям ежемесячных пособий малообеспеченным семьям, имеющим детей"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-29.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-сентябры № 542
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа
кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан
чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу
чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбатта-
гандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамле-
кеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" 2008-жылдын 8-сентябрында-
гы N 326 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособие-
лерге 2008-жылдын 1-октябрынан тартып 35 сом өлчөмүндө ар айдагы убак-
тылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белги-
ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- мамлекеттик пособиелерге берилүүчү ар айдагы убактылуу компенса-
циялык төлөмдөрдүн өз убагында каржылануусун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
компенсациялык төлөөлөрдү мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир мез-
гилде тиешелүү ай үчүн жүзөгө ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №826 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын берилүүчү…Постановление · 29.12.2009 · № 826
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 180
- КР Президентинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 326 "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу…Указ · 08.09.2008 · № 326 · Күчүн жоготкон