# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы №540 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы №540 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13037/edition/399865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы №540 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө" токтому (15.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59452

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-сентябры № 540

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо

системасынын кызматкерлерине иштеген

жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-статьясына ылайык жана саламаттык

сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөөнү

жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламат-

тык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк тө-

лөөгө төмөнкү графикке ылайык кошумча каражат бөлсүн:

2009-жылдын 1-январынан тартып - 2005-2006-жылдар үчүн карыздарды

жоюу;

2010-жылдын 1-январынан тартып - 2007-2008-жылдар үчүн карыздарды

жоюу;

- 2009-2011-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө бекитилген

графикке ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген

жылдары үчүн үстөк төлөөгө каражат карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги үстөктөрдү төлөө тартибин жана

графигин, анын ичинде республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү тө-

лөөнүн кезектүүлүгүн жана шарттарын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- бекитилген графикке ылайык саламаттык сактоо системасынын кыз-

маткерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөөнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын "Кыргыз

Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына 2009-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө инвентаризация

жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
