# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 534 "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 534 "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 534
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13034/edition/380807/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 534 "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59446

---

Утратило силу

в соответствии с постановлением Правительства КР

от 27 июля 2011 года № 416

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 25-сентябры № 534

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, инфраструктураны жакшыр-

туу, социалдык чөйрөнүн, укук коргоо органдарынын, коргонуунун, жерги-

ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдарынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыњдоо,

ошондой эле Ысык-Көл облусунун калкынын жашоо дењгээлин көтөрүү макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 ток-

томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун социалдык жак-

тан өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

10-пунктта "Ысык-Көл облусу боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик финансы инспекциясы" деген сөздөр "Кыр-

гыз Республикасынын Эсеп палатасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.";

17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"17. Максаттуу акча каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана

спорт, укук коргоо органдарынын, коргонуу, жергиликтүү мамлекеттик ад-

министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын меке-

мелеринин материалдык-техникалык базасын чыњдоого жана коммерциялык,

ишкер долбоорлорго колдонулушу мүмкүн эмес;

- курорттук комплекстердин башкы пландарын, кењири пландоо долбо-

орлорун, калктуу конуштардын шаар курулуш документтерин иштеп чыгууга,

экологиялык коопсуздукту камсыздоого;

- жерди мелиоративдик жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларга, ирри-

гациялык тармактарды оњдоого жана калыбына келтирүүгө жана жердин аба-

лын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга.";

- көрсөтүлгөн токтомго Тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык

редакцияда берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-

нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 25-сентябрындагы

№ 534 токтомуна

тиркеме

Ысык-Көл облусун социалдык жактан

өнүктүрүү фондунун Байкоочу кењешинин

КУРАМЫ

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи

орун басары, Кењештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин жергиликтүү бюджеттерди

тейлөөчү орун басары;

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык куру-

луш башкармалыгынын начальниги;

Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;

Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы дене тарбия, спорт жана жаш-

тар саясаты комитетинин төрагасы, Ысык-Көл облусу боюнча дене тарбия

жана спорт координатору;

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү

башкармалыгынын начальниги;

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл облусу бо-

юнча билим берүү мекемелеринин координатору;

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин

Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү;

"Кумтөр Голд Компани" биргелешкен ишканасынын башкы директору,

байкоочу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
