Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча уюштуруу иштери жөнүндө»токтом
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 24-сентябры № 530
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларынын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин
пайдалануу боюнча уюштуруу иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик
администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Айыл
чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (мындан ары - АКФ) жерлерин
пайдалануу боюнча тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышканын белги-
лейт. АКФнын жерлерин пайдалануу маселеси кез-кези менен мамлекеттик
администрациялардын коллегияларынын заседаниелеринде жана жергиликтүү
кењештердин сессияларында каралып, алардын жыйынтыгында АКФнын жерлерин
пайдаланууну андан ары жакшыртууга, ошондой эле аларды пайдаланууда бо-
луп жаткан кемчиликтерди жана өксүктөрдү жоюуга багытталган чечимдер
кабыл алынат.
Мисалы, 2008-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча Ош облустук
мамлекеттик администрациянын коллегиясынын заседаниесинде "Райондордун
мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин на-
тыйжалуу пайдаланууну камсыздоо боюнча иштери жөнүндө" маселе каралып,
анда жүргүзүлгөн иштерге баа берилип, кетирилген кемчиликтер жана
өксүктөр аныкталып, айрым райондордун мамлекеттик администрацияларынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул маселе боюнча иш-
тери жетишсиз экени белгиленген, бир топ тартиптик жазалар берилген жа-
на АКФнын жерлерин пайдалануунун жана башкаруунун натыйжалуулугун арт-
тыруу максатында тийиштүү тапшырмалар берилген.
Жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү
бюджеттерине АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы үчүн орто-
чо 40-45 млн. сом түшүп, алар социалдык-экономикалык маселелерди
чечүүгө пайдаланылат.
АКФнын жерлерин пайдаланууну андан ары өркүндөтүү максатында Ош
облусунун 32 айыл өкмөтүндө USAID каржылаган Жер реформалары жана жер
рыногун өнүктүрүү долбоорунун (Кемоникс) алкагында АКФнын жерлерине ин-
вентаризация жүргүзүлүп, анын натыйжасында АКФнын жерлеринин өлчөмдөрү
жана чектери такталган, АКФнын жерлерин пайдалануунун келечек пландары
бекитилген. Бул АКФнын жерлерин ачык-айкын жана көрүнөө пайдаланууну
камсыздады, айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү кењештердин депутатта-
рынын, айыл өкмөттөрдүн адистеринин жана элдин укуктук маалыматтуулугун
жогорулатууга шарт түздү.
АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууга үлгү деп Ноокат районунда-
гы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ишин айтууга болот, анда жерлер ижарага ачык
жана конкурстук негизде берилген, АКФнын бардык жерлери бүт ижарага бе-
рилген, ал эми жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өздүк булактарында
ижара акысынын үлүшү 2006-жылдагы 28,6 проценттен 2007-жылы 36,6 про-
центке чейин өскөн. АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысы ка-
тары жергиликтүү бюджетке 1,5 млн. сом түшкөнү айыл өкмөтүнө насостук
станцияны калыбына келтирүүгө, каналдарды, жолдорду, социалдык-маданий
арналыштагы объекттерди оњдоого мүмкүндүк берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 204-б
буйругуна ылайык Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери-
нин аянттарын, жайгашкан орундарын кыртыштын сапатын аныктоо менен так-
тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз
мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -
Мамкаттоо) азыркы учурда республиканын 21 районунун 160 айыл өкмөтүндө,
мунун ичинде Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондо-
рунда АКФнын жерлерин инвентаризациялап жана кыртыштын бонитетинин бал-
лын аныктоо менен классификациялап жатат. Бул ишти жүргүзүүгө Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги 9,874 мињ сом өлчөмдө финансылык
каражат бөлгөн.
Ушуну менен бирге эле Ош облусунун жана райондорунун мамлекеттик
администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигинин (мындан ары - АЧМ) АКФнын жерлерин пайдалануу
маселеси боюнча иштеринде кемчиликтер жана өксүктөр бар.
Мурунку жылдарда облустун жана райондордун мамлекеттик администра-
циялары тарабынан айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мамлекеттик органдар-
дын иштерин координациялоо жана контролдоо жетишсиз жүргүзүлгөнүнө бай-
ланыштуу бул маселеде орчундуу жетишпестиктер бар. Жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар кабыл алган айрым чечимдерде аткарылчу иштер
жана маселелер так белгиленбеген, аларды аткаруу жолдору жана методдору
көрсөтүлбөгөн, белгиленген иш-чараларды аткаруунун мөөнөттөрү жана ат-
карылышы үчүн жооптуулар конкреттүү аныкталган эмес.
Анын үстүнө, 2006-2007-жылдарда АКФнын жерлерин натыйжалуу пайда-
лануу маселеси Ош облустук, Кара-Суу, Ноокат, Чоњ-Алай, Кара-Кулжа ра-
йондук мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын заседаниелеринде
каралган эмес.
Бул багыттагы иштин жетишсиздигинин натыйжасында 2008-жылы АКФнын
56067 га жеринен 12045 га, же 21,5 проценти айыл чарбалык иштетүүгө
киргизилген эмес, анын ичинде айдоонун пайдаланылбаган аянты 4988,8 га,
же 13,5 процентти түзөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көбү жергиликтүү
кењештер жана эл тарабынан, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик башкаруу
структураларынан контроль начар болгондуктан АКФнын жерлерин пайдалан-
гандык үчүн ижара акысы боюнча карыздын өз убагында жана толук
төлөнүшүн камсыздашкан эмес. Ош облустук мамлекеттик администрациянын
маалыматы боюнча, ижара акысы боюнча карыз 2006-2007-жылдардын жыйынты-
гында иретине жараша 8,5 млн. сомду жана 5,2 млн. сомду түзгөн. Айыл
өкмөттөрдүн 2006-жылга чейинки мезгилдеги карызды өндүрүү боюнча иштери
тийиштүү дењгээлде контролдонбойт, Ош облустук мамлекеттик администра-
ция ал боюнча керектүү анализ жүргүзбөгөн жана тийиштүү маалымат бере
алган эмес. Ал эми Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча
мамлекеттик комитетинин Түштүк региондор аралык башкармасынын маалымат-
тары боюнча АКФнын жерлерин пайдалангандык үчүн мурунку жылдардагы ижа-
ра акысы 2008-жылдын 1-январына карата 22,4 млн. сомду түзгөн. Бул фак-
тыдан АКФнын жерлерин пайдалануу боюнча маалыматтардын эсебин
жүргүзүүдө орчундуу жетишпестиктер бар экени көрүнөт.
Ошондой эле 2008-жыл үчүн эсептелген ижара акысынын суммасындагы
орчундуу айырмалар да маалыматтарды эсепке алуунун сапатсыздыгынын бир
мисалы болот. Ош облустук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча
ал 45754 мињ сомду түзсө, ал эми Кыргыз Республикасынын Салыктар жана
жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Түштүк региондор аралык башкар-
масынын маалыматы боюнча - 37349,5 мињ сомду түзөт, айырма - 8,4 млн.
сом, мунун ичинде Кара-Суу району боюнча айырма - 4 млн. сом. Мындан
тышкары, Ош облустук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча,
2008-жылдын биринчи жарымындагы АКФнын ижарага берилген жерлеринин жал-
пы аянты 44022 га, АЧМнын маалыматы боюнча - 41846 га, Мамкаттоонуку
боюнча - 42432 га түзөт, башкача айтканда айырма 2 мињ га ашык.
Ош облусунун айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекет-
тик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген, АКФнын
жерлерин натыйжалуу башкаруу маселеси боюнча негизги нормативдик укук-
тук акты болгон Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары
- Типтүү жобо) талаптарын аткарышпайт.
Мисалы, 49 айыл өкмөттө, же облустагы бардык айыл өкмөттөрдүн жа-
рымында Типтүү жобонун жергиликтүү кењештер АКФнын жерлерин пайдалануу
боюнча келечек план түзүү жана бекитүү жөнүндө пункту аткарылган эмес,
ал пунктта жерлерди экономикалык жактан ылайыктуу, сарамжалдуу жана
майнаптуу пайдалануунун узак мөөнөттүк жана кыска мөөнөттүк келечектери
аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын практикалык иштеринде
Типтүү жобонун талаптарын бузган учурлар бир топ. Мисалы, айрым айыл
өкмөттөрдө жергиликтүү кењештердин АКФнын ижарага берилчү жерлерин ижа-
ралоо мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө чечимдери жок, ижара
акысынын старттык өлчөмүн аныктоо боюнча эсептөөлөр жок, жерлердин
түрлөрү көрсөтүлгөн эмес, келишимдер сапатсыз түзүлөт.
Андан тышкары, жерлерди ижарага берүүнүн минимум мөөнөтү 5 жылдан
кем эмес болсо да, ижарага берүүнүн белгиленген мөөнөттөрү сакталбайт,
АКФнын жерлери андан аз мөөнөттөргө берилген. Келишимдер Мамкаттоонун
аймактык органдарында каттатылбайт. Мисалы, Ноокат районунда жалпысынан
5580 га аянтка 4518 келишимдин ичинен 230,9 га аянтка 26 келишим гана
каттатылган.
АКФнын жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы Типтүү
жобого ылайык жергиликтүү кењештин депутаттарынын бири болууга тийиш,
бирок айрым айыл өкмөттөрдө комиссиянын төрагасы айыл өкмөт башчысынын
өзү же адистери болушкан. Көп учурда жер комиссияларынын жергиликтүү
кењеште бекитилген иш регламенттери жок. Мындай чекиликтер Кара-Суу ра-
йонунун Сары-Колот, Шарк, Алай районунун Корул айыл өкмөттөрүндө, Ка-
ра-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Кара-Гуз айыл өкмөттөрүндө бар.
Андан тышкары, Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчы-
сы жер комиссиясынын төрагасы болуп туруп 2007-2008-жылдарда АКФнын
94,05 га жерин, анын ичинен 15 сугат жерди, 49 га шарттуу сугат жерди,
21,55 га кайрак жерди, 8,5 га көп жылдык өсүмдүктөрдү тоорук
өткөрбөстөн ижарага берген. Айыл өкмөт башчысы конкурс өткөрүлгөнү
жөнүндө тийиштүү материалдарды көрсөтө алган эмес.
АЧМнын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары Мамкаттоонун ай-
мактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен
биргелешип АКФнын суралбаган жерлеринин өлчөмүн, аларды сурабагандыктын
себебин жана жер участок пайдаланылбаган убакытты ар бир айыл өкмөтү
боюнча тактоо ишин жүргүзүшкөн эмес, ырастоочу документтер (актылар)
түзүлбөгөн. Жерлердин пайдаланылышына тоскоол болгон себептерди жоюу,
конкреттүү ишти жүргүзүү үчүн керектүү каражаттын өлчөмүн аныктоо, жер-
гиликтүү ресурстарды жана республикалык бюджеттин каражаттарын өзүнчө
көрсөтүү жолу менен АКФнын пайдаланылбай турган 12045 га жерин, анын
ичинде 4988,8 га айдоону айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүү боюнча комп-
лекстүү иш-чаралардын планы түзүлгөн эмес.
АКФнын жерлерин пайдалануу жана Келечек пландын аткарылышы, АКФнын
жерлеринин ижарасы үчүн ижара акынын алынышы жана пайдаланылышы жөнүндө
айыл өкмөт башчыларынын отчетторун жергиликтүү кењештерде угуу эреже
болуп калган эмес. Жергиликтүү кењештер жана эл тарабынан айыл
өкмөттөрдүн иштерине контроль болбогондуктан алар кызмат абалын кыянат
пайдаланышкан фактылар бар.
Ош облустук прокуратуранын маалыматы боюнча, 2006-2008-жылдарда
жер боюнча мыйзамдарды бузгандык үчүн 37 кылмыш иш козголгон. Анын ичи-
нен 6 айыл өкмөттө АКФнын жерлерин пайдалануудагы ар кандай эреже бузу-
улар аныкталган, мында Мамкаттоонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин аймак-
тык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары айыпталуучу катары өтүшкөн. Мындай
фактылар эреже бузууга жол беришкен жогоруда айтылган кызмат адамдарын
дайындаган жетекчилердин беделин түшүрөт, мамлекеттик органдардын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркына терс таасир
этет.
АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттик
орган болгон АЧМ Типтүү жобо бекитилген күндөн бери бир жылдан ашык
өтсө да анын нормаларын ишке ашыруу боюнча өз убагында жана иштиктүү
чараларды көргөн эмес. АЧМ иш жүзүндө 2007-жылдын 27-ноябрында № 385
Фонддун жерлерин пайдалангандык жөнүндө отчеттун жана ижара келишимин
түзүүнүн формаларын бекитүү жөнүндө буйрук чыгаруу менен гана чектел-
ген, алар мазмуну боюнча АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну ти-
йиштүү контролдоо үчүн маалыматтын толуктугун камсыздай алышпайт. АЧМ-
нын райондук агрардык өнүктүрүү башкармаларына ал формалар боюнча квар-
тал сайынкы отчетторду берүү гана тапшырылган. Типтүү жобонун талапта-
рын аткаруу боюнча методикалык рекомендациялар, нускамалар чыгарылган
эмес, башка уюштуруу жана практикалык чаралар көрүлбөгөн.
Мунун натыйжасында министрликтин аймактык органдарынын айрым же-
текчилери АКФнын жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоо АЧМга тап-
шырылганын билишпейт. Мисалы, Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү баш-
кармасынын начальниги К.А.Кулботоев Типтүү жобого ылайык башкарма кан-
дай функцияларды аткарышы керектигин билбейт.
АКФнын жерлерин пайдалануудагы кемчиликтер жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары бул маселеге тийиштүү көњүл бурбагандыгынын, АКФнын
жерлерин пайдалангандык үчүн ижара акысынын эсебинен жергиликтүү бюд-
жетти толуктоого кызыкпагандыгынын, айыл өкмөттөрдүн бул маселе боюнча
иштеген адистеринин жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча иш
жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасы болууда. Мында айыл өкмөттөр көп учурда
сапатсыз түзүлгөн келишимдерге мониторинг жүргүзүшпөйт. Ошону менен ка-
тар эле, Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКФнын жерлерин башкаруу жана
пайдалануу боюнча иштерин тийиштүү контролдошкон эмес, ал эми Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
керектүү уюштуруучу-практикалык чараларды көргөн эмес.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу
жана пайдалануу боюнча ишти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарба жерлерин кайра
бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча уюштуруу иштериндеги
кемчиликтер жана өксүктөр белгиленсин.
2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө:
- кемчиликтерди жоюуга, райондордун мамлекеттик администрациялары-
нын жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын Айыл чарба жерлерин кайра
бөлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликте-
рин жогорулатууга багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыксын жана
колдонсун;
- райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллегиялардын жана жергиликтүү
кењештердин заседаниелерине материалдарды сапаттуу, милдеттерди, аларды
аткаруунун жолдорун жана методдорун, конкреттүү мөөнөттөрүн жана атка-
руу үчүн жооптууларды так көрсөтүү менен даярдоо жагындагы иштеринин
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрсүн.
3. Ош облусунун райондук мамлекеттик администрациялары жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага
берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобонун нормаларын сактоо
үчүн айыл өкмөт башчыларына талапты жогорулатышсын;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалан-
гандык үчүн ижара акысы өз убагында алынышына тийиштүү контролду кам-
сыздашсын жана мурдагы жылдар үчүн ижара акысы боюнча карыз жоюлушун
камсыздашсын;
- түзүлгөн ижара келишимдерине талдоо жүргүзүшсүн, алардын сапатын
арттырууга жана нормативдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багыт-
талган чараларды көрүшсүн, алардын аткарылышын такай мониторингдешсин;
- айыл өкмөттөрдүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн ижара акынын
старттык же туруктуу баасынын өлчөмүн аныктоодо экономикалык негиздеме-
ни же тийиштүү эсептөөлөрдү милдеттүү жасоо жагындагы ролун жана жооп-
керчиликтерин жогорулатуу боюнча чара көрүшсүн;
- айыл өкмөттөрдүн иштерине контролду күчөтүү максатында жерги-
ликтүү кењештерде айыл өкмөт башчыларынын отчетторун такай угууну жана
айылдык жыйындарда АКФнын жерлеринин пайдаланылышы жөнүндө элге маалым-
доону камсыздашсын;
- Ош облусундагы айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу
боюнча жакшы иш тажрыйбаларын жайылтуу боюнча чара көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияла-
рына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө баалуу
айыл чарба жерлерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
аларды жердин баасы азыраак категориясына которуу жөнүндө сунуш менен
кайрылуу практикасынан кармануу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республика-
сынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага
берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун Айыл чарба жерле-
рин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин пайдаланылышын контролдоо жана
эсепке алуу, пайдалангандык жөнүндө отчет берүү, методикалык жардам
көрсөтүү жана иштеги кайталоолорду болтурбоо менен башка маселелер бо-
юнча талаптарын аткарууну жөнгө салуучу тийиштүү нормативдик укуктук
актыларды бир айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин соттон
тышкаркы тартипте кайра алып коюуну караштырган мыйзам долбоорлорун үч
айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигине:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, райондордун мамле-
кеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга
чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун ал-
кагында 2008-2010-жылдарга карата Иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому-
на ылайык Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайда-
лануунун натыйжалуулугун талдоо жана баа берүү;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө маалымат берүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрациялары:
- эки айлык мөөнөттүн ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү
фондунун жерлерин пайдалануу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык ишти
талдашсын жана жылдын жыйынтыгында бул маселени коллегиялардын заседа-
ниелеринде карашсын;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө 2009-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө маалымат беришсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-
торинг бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү…Постановление · 29.06.2007 · № 1997-III
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну…Постановление · 04.07.2008 · № 364 · Күчүн жоготкон