# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти жакшыртуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти жакшыртуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 527
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13028/edition/328596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №527 "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти жакшыртуу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59437

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 24-сентябры № 527

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында

илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана

инновациялык ишмердикти жакшыртуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомунун редакциясына ылайык)

Мал чарбачылыгын жана жайыт чарбасын илимий жактан камсыздоо, ве-

теринардык медицина жагындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жо-

горулатуу жана мал чарбачылыгындагы инновациялык ишмердикти күчөтүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветери-

нария жана жайыттар илимий-изилдөө институту бөлүү аркылуу өзгөртүп

кайра түзүлсүн жана анын базасында төмөнкүлөр уюштурулсун:

- мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий комплексти, мамле-

кеттик асыл тукум заводдорун жана үрөнчүлүк чарбаларын өткөрүп берүү

менен Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Озерное айылында жайгашкан экс-

перименталдык базаны өткөрүп берүү менен Арстанбек Дүйшеев атындагы

Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун не-

гизги персоналынын кызматкерлеринин жогорку саны 95 бирдик санында, не-

гизги жана көмөкчү персоналды күтүүгө чыгымдар жылына 4096,9 мињ сом

суммасында;

- Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө

институтунун негизги персоналынын кызматкерлеринин жогорку саны 91 бир-

дик санында, негизги жана көмөкчү персоналды күтүүгө чыгымдар жылына

3796,3 мињ сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана

жайыттар илимий-изилдөө институтун өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорун

белгиленген тартипте ишке ашырсын;

- Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту жөнүндө

жана Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө инс-

титуту жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;

- жайгашуу орду болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту башкы иш-

канасы жана жайыттар сектору - Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе

атындагы поселок, Институт көчөсү 1, мал чарба сектору - Комсомол айы-

лы, Дорожная көчөсү, 3;

Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө инс-

титуту - Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 60;

- жогоруда көрсөтүлгөн институттардын бөлүштүрүү балансын белги-

ленген тартипте бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети:

- ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана комп-

лекстерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан

администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрге

өзгөртүү киргизсин.

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчү-

лүк иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчү

иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-сентябрындагы № 657 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчү

иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-ноябрындагы № 735 токтому;

- "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын респуб-

ликалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станци-

ясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар

борборуна өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2003-жылдын 17-октябрындагы № 654 токтомунун 4-пункту.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-

нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
