# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №523 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №523 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13024/edition/359368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №523 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө"токтому (05.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59433

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-сентябры № 523

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн

оптималдаштыруу, министрликтин системасында кайталоочу звенолорду жоюу,

милдеттерди жана маселелерди аткаруу сапатын жогорулатуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Түштүк региондор аралык башкармалык бөлүү жана анын базасында

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарды түзүү жолу менен

өзгөртүп уюштурулсун.

2. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масе-

лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майын-

дагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-

даалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизил-

син:

- "Түштүк" деген сөз "Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалык-

тары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык

мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалыктарынын ортосунда

милдеттерди кайра бөлүштүрүүнүн жана өзгөртүп түзүүнүн жүрүшүндө бошо-

тулуучу кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды

көрсүн;

- зарыл болгонго жараша ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучу

жана башка маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
