Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2010 года №130 "Об утверждении Положений подведомственных подразделений Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-03-05.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-сентябры № 523
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Түштүк региондор аралык башкармалыгын өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн
оптималдаштыруу, министрликтин системасында кайталоочу звенолорду жоюу,
милдеттерди жана маселелерди аткаруу сапатын жогорулатуу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Түштүк региондор аралык башкармалык бөлүү жана анын базасында
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарды түзүү жолу менен
өзгөртүп уюштурулсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масе-
лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майын-
дагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-
даалдар министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизил-
син:
- "Түштүк" деген сөз "Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалык-
тары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык
мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук башкармалыктарынын ортосунда
милдеттерди кайра бөлүштүрүүнүн жана өзгөртүп түзүүнүн жүрүшүндө бошо-
тулуучу кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча тиешелүү чараларды
көрсүн;
- зарыл болгонго жараша ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучу
жана башка маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 " Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери"токтомуПостановление · 16.05.2007 · № 175 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2010 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы №175 " Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери"токтомуПостановление · 16.05.2007 · № 175 · Күчүн жоготкон