# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13022/edition/361453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (09.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59431

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-сентябры № 521

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга

барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө

Ажыга барууну уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынан барчу зыяратчылардын коопсуздугун, укуктарын жана кызыкчы-

лыктарын коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка (ажыга,

умрага) барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө тиркелген жобо бе-

китилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы №

581 "Кыргыз Республикасынан Меккеге ажылыкка барууну уюштуруу тартиби

жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №

665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №

377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ток-

томунун 56-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
