# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 519 "Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 519 "Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 519
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13021/edition/328588/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 519 "Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө" токтому (18.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59429

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-сентябры № 519

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык

соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө

Калктын социалдык аялуу катмарларын жеткиликтүү баадагы тамак-аш

продуктулары менен камсыздоо үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын "Кыргыз темир жолу" улуттук компани-

ясы" мамлекеттик ишканасынын "Бишкек-1" станциясынын аймагында жалпы

аянты 2,6 га "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин жөнөкөй ше-

риктештик (биргелешип иштөө) шартында уюштуруу жөнүндө демилгеси кол-

доого алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы"

мамлекеттик ишканасы менен бирдикте:

- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ме-

нен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык рыноктор дирекциясынын ор-

тосунда муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруунун жана жөнөкөй

шериктештикке катышуучулар биргелешкен иштен алышчу кирешени бөлүштү-

рүүнүн тартибин караштырган келишим түзүлүшүн камсыздасын.

3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы

белгиленген тартипте:

- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын

"Бишкек-1" станциясынын контейнердик аянтынын профилин соода-рынок ком-

плексине өзгөртсүн;

- "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексинин долбоордук-смета-

лык документтерин иштеп чыксын, объектти долбоорлоону жана курууну па-

раллель жүргүзсүн;

- "Дыйкан" соода-рынок комплексин уюштуруу жана иштеши үчүн керек-

түү мүлктү, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, пайдаланылбай турган

чоњ жана кичине көлөмдүү контейнерлерди жөнөкөй шериктештикке (биргеле-

шип иштөөгө) салым катары өткөрүп берсин.

4. "Дыйкан" соода-рынок комплексинин курулушун каржылоо кайтарым-

дуулук шартта, жөнөкөй шериктештикке катышуучулардын биргелешкен ишинен

алынчу жалпы кирешенин эсебинен ишке ашырылаары жана биринчи кезекте

орду толтурулаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик

ишканасы менен бирдикте демонтаждалчу жана андан кийин эсептен чыгарыл-

чу подъезддик жана крандык жолдордун тизмесин белгиленген тартипте ма-

кулдашсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуш-

тук-монтаждык иштерди тез аткаруунун зарылдыгын эске алып, "Кыргыз те-

мир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Дыйкан" соода-ры-

нок комплексинин курулушуна зарыл болгон материалдарды, жумуштарды жана

кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу методу менен алууга урук-

сат берсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэ-

риясы жер участогунун максаттык арналышы өзгөргөнүнө байланыштуу жерди

эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
