Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында „Дыйкан“ муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 18-сентябры № 519
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык
соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө
Калктын социалдык аялуу катмарларын жеткиликтүү баадагы тамак-аш
продуктулары менен камсыздоо үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын "Кыргыз темир жолу" улуттук компани-
ясы" мамлекеттик ишканасынын "Бишкек-1" станциясынын аймагында жалпы
аянты 2,6 га "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин жөнөкөй ше-
риктештик (биргелешип иштөө) шартында уюштуруу жөнүндө демилгеси кол-
доого алынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы"
мамлекеттик ишканасы менен бирдикте:
- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ме-
нен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык рыноктор дирекциясынын ор-
тосунда муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруунун жана жөнөкөй
шериктештикке катышуучулар биргелешкен иштен алышчу кирешени бөлүштү-
рүүнүн тартибин караштырган келишим түзүлүшүн камсыздасын.
3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы
белгиленген тартипте:
- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын
"Бишкек-1" станциясынын контейнердик аянтынын профилин соода-рынок ком-
плексине өзгөртсүн;
- "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексинин долбоордук-смета-
лык документтерин иштеп чыксын, объектти долбоорлоону жана курууну па-
раллель жүргүзсүн;
- "Дыйкан" соода-рынок комплексин уюштуруу жана иштеши үчүн керек-
түү мүлктү, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, пайдаланылбай турган
чоњ жана кичине көлөмдүү контейнерлерди жөнөкөй шериктештикке (биргеле-
шип иштөөгө) салым катары өткөрүп берсин.
4. "Дыйкан" соода-рынок комплексинин курулушун каржылоо кайтарым-
дуулук шартта, жөнөкөй шериктештикке катышуучулардын биргелешкен ишинен
алынчу жалпы кирешенин эсебинен ишке ашырылаары жана биринчи кезекте
орду толтурулаары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик
ишканасы менен бирдикте демонтаждалчу жана андан кийин эсептен чыгарыл-
чу подъезддик жана крандык жолдордун тизмесин белгиленген тартипте ма-
кулдашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуш-
тук-монтаждык иштерди тез аткаруунун зарылдыгын эске алып, "Кыргыз те-
мир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Дыйкан" соода-ры-
нок комплексинин курулушуна зарыл болгон материалдарды, жумуштарды жана
кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу методу менен алууга урук-
сат берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-
гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэ-
риясы жер участогунун максаттык арналышы өзгөргөнүнө байланыштуу жерди
эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116