# КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө".
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 518
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13020/edition/587817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 17-сентябры № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө". (22.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59428

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 17-сентябры № 518

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүн- дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президен- тинин 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- не жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган билдирүүсүнө, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык башкаруу боюнча координациялык борборунун 2008-жылдын 11-июлундагы заседаниесинин протоколуна ылайык, корпоратив- дик баалуу кагаздардын уюштурулган рыногун андан ары өнүктүрүү макса- тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 200 8-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү

менчиктештирүүнүн тиркелген программасы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүштөрүн Кыр-

гыз фондулук биржасында сатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-сентябрындагы №

382-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-декабрындагы №

461-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-мартындагы №

153-б буйругу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
