Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө» Жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы
№ 468 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
боюнча кењеш жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуника-
циялык технологиялар боюнча кењеш (мындан ары - Кењеш) маалыматташтыруу
жана телекоммуникация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жа-
на ишке ашырууну координациялаган орган болуп саналат.
2. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Премьер-министринин актыларын жана ушул
Жобону жетекчиликке алат.
3. Кењештин курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри анык-
тайт.
II. Кењештин негизги милдеттери
4. Кењештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү реалдуу убакытта жеткиликтүү
режиминде маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу
менен ишке ашырууга көмөктөшүү;
- ченемдик укуктук актыларды даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу
процесстерине жарандардын кызыгуусун арттырууга жана маалыматтык жана
телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен катыштырууга
көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүүдө жана "Электрондук Өк-
мөттү" жүзөгө ашырууда жана уюштуруучулук өзгөртүүлөргө көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкарууну реформалоо жана "Электрондук Өкмөттү"
жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин активдүү катышу-
усун мотивациялоого көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүүдө ведомстволор аралык өз
ара аракетке жана ошондой өз ара аракетти жүзөгө ашыруу үчүн маалымат-
тык жана коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкарууга реформаны ишке ашырууда колдонулуучу маа-
лыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар боюнча мамлекеттик кыз-
маткерлердин көндүмдөрүн жогорулатууну системалаштырууга көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүүдө жана "Электрондук
Өкмөттү" ишке киргизүүдө мамлекет коомдук уюмдар жана менчигинин түрүнө
карабастан юридикалык жактардын өнөктөштүк системасын түзүүгө
көмөктөшүү;
- "Электрондук Өкмөттү" өнүктүрүү үчүн инфраструктураны өнүгүүгө
көмөктөшүү.
III. Кењештин функциялары
5. Кењештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүүдө жана "Электрондук
Өкмөттү" ишке киргизүүдө мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону
ишке ашыруу;
- мамлекеттик башкарууга реформалоону жана "Электрондук Өкмөттү"
ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик башкарууну реформалоону жана "Электрондук Өкмөттү"
ишке ашыруунун багыттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
- мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана "Электрондук Өкмөттүн"
алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл ресурстардын булактарын
жана көлөмдөрүн аныктоо;
- мамлекеттик башкарууну реформалоону ар бир этабында мамлекеттик
башкарууга реформа жүргүзүүнү жана "Электрондук Өкмөтүнүн" элементтерин
ишке киргизүүнү жерлерди аныктайт.
IV. Кењештин укуктары
6. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык
жүргүзүүгө;
- өз функцияларын жана милдеттерин аткарыш үчүн маалыматты мамле-
кеттик органдарынан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак-
тардан белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына мамлекеттик органдарынын жетекчилерин чакырууга;
- өз компетенциясындагы маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер-минис-
трине киргизүү үчүн белгиленген тартипте даярдоого;
- болгон проблемалар боюнча тиешелүү сунуштарды жана рекомендация-
ларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;
- маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эларалык
программаларга жана долбоорлорго катышууга;
- өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контроль жүргүзүүгө;
- жумушчу топтордун отчетторун угууга жана бекитүүгө.
V. Кењештин милдеттери
7. Кењеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана "Электрондук Өкмөттү"
ишке киргизүүнүн алкагында долбоорлорду аткаруунун сапатын камсыздоо
системасын өнүктүрүү үчүн көмөк көрсөтүү.
VI. Кењештин ишин уюштуруу
8. Кењеш зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу
чакырылат.
9. Кењештин жыйындарын төрага же анын тапшыруусу боюнча орунбасары
өткөрөт.
Кењештин жыйыны анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгү болгон
учурда укуктуу болуп саналат, мында чечим жыйынга катышкан мүчөлөрдүн
санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10. Кењештин жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле анын
учурдагы ишин Кењештин жооптуу катчысы жумушчу топтордун көмөгү менен
жүзөгө ашырат. Жумушчу топтордун курамын Кыргыз Республикасынын
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр бекитет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы №468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2008 · № 468
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон