# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13018/edition/399799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө" токтому (15.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59424

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 15-сентябры № 516

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине

караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Билим берүү жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим

берүү академиясы мындан ары "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана

илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу

Кыргыз билим берүү академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдөрдө белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул

токтомдун 2-пунктунда аныкталган эмгекке акы төлөө шарттарынын

өзгөргөнүнө байланыштуу чыгымдарды каржылоону "Кыргыз Республикасынын

2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

бекитилген бюджетинин чектеринде жүргүзсүн.

4. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигине

караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 339 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мурда

кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
