Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 15-сентябры № 516
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине
караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын Билим берүү жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим
берүү академиясы мындан ары "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу
Кыргыз билим берүү академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдөрдө белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул
токтомдун 2-пунктунда аныкталган эмгекке акы төлөө шарттарынын
өзгөргөнүнө байланыштуу чыгымдарды каржылоону "Кыргыз Республикасынын
2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
бекитилген бюджетинин чектеринде жүргүзсүн.
4. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигине
караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 339 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мурда
кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү…Постановление · 09.06.2003 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2011 · № 318
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы №516 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү…Постановление · 09.06.2003 · № 339
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон