Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 479 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы
№ 479 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди
коргоо боюнча агенттиги жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча
агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу не-
гиздери аныкталат.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозит-
терди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, оперативдүү башкаруу
укугунда уюштуруу.
Агенттиктин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн,
өз аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөрү бар.
Агенттик мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык
жактын статусуна ээ болот.
Агенттик Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттер-
ди) коргоо жөнүндө" Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым
укуктар жана милдеттер жүктөлгөн, пайда алуу максатын көздөбөгөн көз
карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
3. Агенттиктин негизги милдети болуп Кыргыз Республикасында депо-
зиттерди коргоо системасынын ишин камсыз кылуу саналат. Ушул милдети
аткаруучу үчүн Агенттик Депозиттерди коргоо фондусунун активдерин
тескөөгө алуу менен "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык гарантиялык
учур келип жеткенде, депозиттердин суммасын жана алар боюнча процент-
терди аманатчыларга төлөп берет.
4. Агенттик өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобо-
го таянуу менен иш алып барат.
5. Агенттик өз аталышына ээ: мамлекеттик тилде "Кыргыз Республика-
сынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги", расмий тилде: "Агентство
по защите депозитов Кыргызской Республики", англис тилинде: "Deposit
Protection Agency of the Kyrgyz Republic".
6. Агенттиктин юридикалык дареги:
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 б.
Агенттик өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын реги-
ондорунда өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
7. Агенттик өз алдына баланска, Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкында ачылып, тейленүүгө тийиш болгон операциялык эсепке ээ.
8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары Агенттиктин ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелери боюнча ишине
кийлигишүүгө укугу жок.
2. Агенттиктин функциялары жана милдеттери
9. Агенттиктин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- катышуучу - банктардын реестрин жүргүзүү;
- аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө тийиш болгон сумма-
ларды жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларынын
эсебин жүргүзүү;
- "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын колдонулушуна таандык кылынган сумманы аманат-
чыларга төлөп берүү;
- Депозиттерди коргоо фондуна төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептөө жана
аларды чогултуу;
- төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук төлөнүшүн камсыз кылууга ба-
гытталган аракеттерди көрүү;
- төлөмдөрдү өз учурунда төлөбөй койгондук үчүн айыптык төлөмдөрдү
жана туумдарды белгилөө;
- Депозиттерди коргоо фондунун активдерин "Банктык аманаттарды
(депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белги-
ленген чекте жана тартипте тескөөгө алуу.
3. Агенттиктин ыйгарым укуктары
10. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу
үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ченемдик актыларды иштеп чыгуу;
- Агенттиктин ишмердигин жүргүзүү үчүн зарыл болгон келишимдерди
жана контрактыларды түзүү;
- зарыл болгон учурда "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген
милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана көз ка-
рандысыз эксперттерди ишке тартуу;
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мый-
замдарда каралган тиешелүү жоопкерчилик чараларын банкка карата колдо-
нуу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылуу;
- "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген милдеттерди атка-
руу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкына кайрылуу;
- Банк сунуш кылган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган аймактарда
жашаган аманатчылар үчүн депозиттерди коргоо системасы жана банктын бул
системага катышуусуна тиешелүү маалыматтарды "Банктык аманаттарды (де-
позиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныктал-
ган формада жана тартипте жайгаштырууну банктан талап кылуу;
- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана
банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, аларга карата мажбурлап
жоюу жана банкроттукка чыгаруу жол-жобосу колдонулган банктарда өткөн
жыйындарга жана кредиторлор комитеттерине катышуу;
- Агенттиктин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 9 жана 10-статьяларында
көрсөтүлгөн милдеттерден, функциялардан жана ыйгарым укуктардан тышка-
ры, ишмердикти жүргүзүүгө, юридикалык жактарды түзүүгө же алардын каты-
шуучусу болууга, ошондой эле агенттиктин ишин камсыз кылууга байланыш-
туу мүлктү эске албаганда, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып
алууга укугу жок;
- Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, башка мамлекеттик
органдарды, юридикалык жактарды жана коомдук уюмдарды, ошондой эле жеке
адамдарды кредиттөөгө, аларга кандай формада болбосун финансылык жана
финансылык эмес жардам көрсөтүүгө укугу жок.
4. Агенттиктин башкаруу органдары
11. Агенттиктин башкаруу органы болуп Директорлор кењеши жана
Агенттиктин Аткаруучу директору саналат.
12. Агенттиктин Директорлор кењеши (мындан ары - Директорлор
кењеши) Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана ал
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына ылайык дайындалган жети мүчөдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3 өкүлүнөн, анын ичинде Кыргыз Респуб-
ликасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин бир өкүлү жана
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2 өкүлү (коллегия
мүчөсүнүн дењгээлинен төмөн эмес);
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 3 өкүлүнөн (Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн дењгээлинен төмөн
эмес);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улут-
тук банкынын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банктык иштер жагын-
да көз карандысыз эксперттен.
13. Директорлор кењешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде
жүргүзөт.
14. Директорлор кењешинин төрагасы жана Директорлор кењешинин
төрагасынын орун басары Директорлор кењешинин мүчөлөрү тарабынан,
жөнөкөй көпчүлүк добуш менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалышат.
15. Директорлор кењешинин төрагасынын орун басары Директорлор
кењешинин төрагасынын орду бош турган же ал убактылуу жок болгон учур-
да, анын милдетин аткарат.
16. Агенттиктин Директорлор кењешинин компетенциясына түздөн-түз
төмөнкүлөр кирет:
- Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча депозиттерди
коргоо фондусуна чегерилүүчү календардык жана өзгөчө учурлардагы
төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү;
- "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик
актыларды иштеп чыгуу;
- Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;
- ишке кабыл алуу шарттарын, эмгек акы системасын, колдоо көрсөтүү
жана тартиптик жаза колдонуу чараларын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык Агенттиктин кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттерин
аныктоо;
- Агенттиктин ички аудит кызматынын ишине жетекчилик жүргүзүү;
- Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча гарантиялык
учур келип жеткен шартта, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү;
- Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык
саясатты аныктоо, Агенттиктин контр-агенттери боюнча чектөөлөрдү бел-
гилөө;
- Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетту бе-
китүү;
- Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү;
- Агенттиктин Аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;
- "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
17. Директорлор кењеши отурумдарын зарылдыгына жараша бирок, квар-
талына бир жолудан кем эмес өткөрүп турат. Директорлор кењешинин жыйы-
нында кворум беш мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн
жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп
калган шартта, Директорлор кењешинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп
саналат.
18. Директорлор кењешинин кезексиз чакырылган отурумдары Директор-
лор кењешинин төрагасынын же болбосо Директорлор кењешинин төрт
мүчөсүнүн демилгеси боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
19. Директорлор кењешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын өткөрүп
берүүгө укугу жок.
20. Директорлор кењешинин катчысы ар бир жыйында протокол
жүргүзөт, ага Директорлор кењешинин отурумга төрагалык кылган мүчөсү
жана катчы кол коет. Протоколдо талкууга алынган маселе боюнча кыскача
баяндама жана Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн тиешелүү маселе боюнча
ой-пикирлери камтылууга тийиш.
21. Директорлор кењешинин чечими төрага кол койгон токтом түрүндө
кабыл алынат. Ар бир маселе боюнча Директорлор кењешинин ар бир мүчөсү
кол койгон ведомость түзүлөт жана ал отурумдан толтурулган протоколдун
бөлүгү болуп саналат.
22. Директорлор кењешинин чечими жана протоколдор туруктуу сакта-
лууда турат.
5. Агенттиктин Аткаруучу директору
23. Агенттиктин ишине жетекчиликти анын Аткаруучу директору гана
жүзөгө ашырат.
24. Агенттиктин Аткаруучу директору жана анын орун басары Агент-
тиктин директорлор кењешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти тарабынан дайындалат.
25. Агенттиктин Аткаруучу директору:
- Агенттиктин Директорлор кењешинин компетенциясына таандык масе-
лелерди эске албаганда, Агенттиктин ишине тиешелүү бардык маселелер бо-
юнча чечим кабыл алат;
- Агенттиктин күндөлүк иши үчүн жооп берет;
- квалификациялуу персоналды жана ишке тартылган эксперттер үчүн
жоопкерчиликтүү болот;
- Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттарынын пайдаланылышы,
ошондой эле Агенттиктин инвестициялык саясатынын жүзөгө ашырылышы жана
аткарылышынын натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- бардык сот органдарында, мамлекеттик органдарда жана уюшту-
руу-укуктук формасына карабастан башка мекемелерде жана уюмдарда, ошон-
дой эле жеке ишкерлер жана жарандарга карата Агенттиктин атынан чыгат
жана анын таламын коргойт;
- Аткаруучу директордун орун басарлыгына дайындалуучу талапкерди
Директорлор кењешинин кароосуна сунуш кылат жана аны иштен бошотуу ма-
селесин коет;
- Директорлор кењешинин отурумуна аткаруу органынын өкүлү катары
катышат;
- Агенттиктин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл бол-
гон башка милдеттерди, ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
26. Агенттиктин Аткаруучу директору жок болгон учурунда, анын мил-
детин орун басары аткарат.
6. Агенттиктин каражаттарын топтоо булактары
жана инвестициялык саясаты
27. Агенттиктин операциялык чыгашалары жана ага жүктөлгөн милдет-
терди аткарууга байланыштуу келип чыккан башка чыгымдар, Депозиттерди
коргоо фондусунун каражаттарынын эсебинен жабылат. Мында, Агенттиктин
операциялык чыгашалары жана башка сарптоолору алгачкы 12 ай ичинде эки
проценттен, кийинчерээк Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттарынын
бир процентинен ашпоого тийиш.
28. Директорлор кењеши инвестициялык саясатты аныктоо жана Агент-
тиктин жайгаштырылып жаткан каражаттарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчи-
ликтүү болуп саналат.
29. Агенттик төмөнкү баалуу кагаздарга инвестиция жумшай алат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же ал
тарабынан сөзсүз гарантияланган;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган.
7. Агенттиктин отчеттуулугу
30. Агенттик бухгалтердик эсеп эл аралык стандарттарына ылайык ту-
руктуу эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
31. Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кењеши тарабынан бекити-
лет жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- аудитордук текшерүүдөн өткөн жана бухгалтердик эсептин жана от-
четтуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бардык тиешелүү
түшүндүрмөлөрү менен финансылык отчет;
- Агенттиктин ишине жана Депозиттерди коргоо фондусунун абалына
жүргүзүлгөн талдоо;
- Агенттиктин Директорлор кењеши тарабынан аныкталган жана анын
операцияларынын жана иш багытынын шайкеш чечмеленип берилиши үчүн зарыл
болгон башка отчеттор.
32. Агенттик жыл сайын өз ишине тиешелүү жылдык отчетту Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитетине, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчеттук
мезгилден кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен берип турууга ти-
йиш.
33. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет, бухгалтер-
дик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчет, акча каражаттарынын
кыймылы жөнүндө отчетту камтуучу Агенттиктин финансылык очтеттуулук
формасы, кайсыл болбосун адамдын биринчи талабы боюнча берилүүгө тийиш.
8. Агенттиктин аудити жана отчетторду жарыялоо
34. Агенттиктин финансылык-чарбалык ишине контролдукту жүзөгө ашы-
руу үчүн анын түзүмүндө, Директорлор кењешине отчет берип туруучу, Ички
аудит кызматы түзүлөт.
35. Агенттиктин жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана тас-
тыктоо үчүн анын ишине жыл сайын көзкарандысыз аудит жүргүзүлөт. Бул
үчүн Директорлор кењеши, финансы жыл бүткөнгө чейин алты ай калгандан
кечиктирбестен, тендердик негизде көзкарандысыз аудитордук уюмду анык-
тайт.
36. Агенттик, аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык, ау-
дитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалы-
маттарды берүүгө тийиш.
37. Агенттиктин ишине аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кыз-
мат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө Агенттиктин операциялык чыгашаларынын эсе-
бинен жүргүзүлөт.
38. Агенттик кварталдык негизде жалпыга маалымдоо каражаттарында
өзүнүн финансылык отчетун, Агенттиктин Директорлор кењеши тарабынан
белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашылган
формада жарыялайт.
39. Агенттик жалпыга маалымдоо каражаттарында жыл сайын Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген формада жылдык от-
четко кошулган негизги аналитикалык маалыматтарды жарыялап турушу за-
рыл.
40. Агенттик ушул Жобонун 38 жана 39-пункттарында белгиленген маа-
лыматтар жарыяланган күндөн кийин беш жумуш күндүн ичинде, жарыялоолор-
дун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.08.2008 · № 479
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон