Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажыга, умрага) барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-сентябрындагы
№ 521 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажыга,
умрага) барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 584
токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге (ажыга, умрага) ба-
рышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө бул Жобо Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын Меккеге (ажыга, умрага) баруу процессин тартипке салуу
максатында иштелип чыккан жана Меккеге ажыга баруучулардын топторун
түзүү тартибинин, Сауд Аравия Королдугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Сауд Аравия Ко-
ролдугунун Ажылык иштер боюнча министрлигинин ортосунда түзүлгөн ти-
йиштүү макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасы үчүн жыл сайын
берүүчү квотанын мыйзамдык шарттарын белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга баруусу аба
транспорту менен гана ишке ашырылат. Жерде жүрүүчү транспорт менен ажы-
га барууга тыюу салынат.
Меккеге ажыга баруучуларды борбордоштуруп жөнөтүүнүн тартибин жана
маршрутун жогоруда аталган Макулдашууда каралган талаптарга ылайык Кыр-
гызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Транс-
порт жана коммуникациялар министрлиги аныктайт.
Зыяратчыларды Меккеге борбордоштуруп жөнөтүүнүн маршруту жана тар-
тиби жөнүндө маалыматты, ажыга баруу үчүн чыгымдардын калькуляциясын
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы облустардын, Бишкек жана Ош
шаарларынын казыяттарына, Кыргыз Республикасынын райондорунун жана ша-
арларынын борбордук мечиттерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке, Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-
гине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
гине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына жиберет. Бардык маалыматтар жалпыга маа-
лымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы ажыга баруучуларды Мек-
кеге ташуу үчүн жалдаган аба кемелеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жана
абалы мамлекеттердин аба мейкиндиктерин тоскоолдуксуз пайдаланууга
мүмкүндүк берүүчү эл аралык нормалардын талаптарына ылайык болууга ти-
йи
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 584 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-статьясы-
нын, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-статьясынын жана Жаран-
дык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 18-статьясынын жобо-
лоруна ылайык иштелип чыкты, алар ар бир адамдын дин тутууга, өз динин
өзү жалгыз да, башкалар менен бирдикте да, эл алдынча же жекече
үгүттөөгө, сыйынууга жана диний расмилерди аткарууга эркиндик укуктарын
гарантиялашат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка (ажыга,
умрага) баруу процессин уюштуруу үчүн жоопкерчилик Кыргызстан мусулман-
дарынын дин башкармасына жүктөлөт.
II. Меккеге ажыга баруучулардын
топторун түзүүнүн тартиби
5. Кыргыз Республикасынын жарандары Меккеге ажыга барышы үчүн Сауд
Аравиясынын Королдугу Кыргыз Республикасына берчү квота Кыргызстан му-
сулмандарынын дин башкармасы тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин катышуусу менен об-
лустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча бөлүштүрүлөт.
6. Меккеге ажыга баруучулардын топторун түзүүнү облустардын, Биш-
кек жана Ош шаарларынын казыяттары райондордун жана шаарлардын борбор-
дук мечиттери түзүүчү тизмелердин негизинде ишке ашырышат. Топтордун
сандык курамын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы аныктайт.
Райондордун жана шаарлардын борбордук мечиттери тизмелерди ажыга
барууну каалагандардын берген арыздарын эсепке алуу жана кезектүүлүгүн
каттоо боюнча өздөрү жүргүзүүчү журналдарына жараша түзүшөт.
Кыргыз Республикасынын атайын укук берилбеген жактары жана жаран-
дары тарабынан зыяратчылардын топторун түзүүгө жол берилбейт.
7. Республикадан сыртка чыгууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республи-
касынын жалпы жарандык паспорту жок жарандар тизмелерге киргизилбейт.
16 жашка чейинки балдар зыяратчынын жалпы жарандык паспортуна жазылса
же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту болсо,
ата-энелеринин (камкорчуларынын) макулдугу менен тизмелерге кошулушу
мүмкүн.
8. Тизмелер түзүлүп жана Рамазан айы башталаардан мурда 10 күндөн
кечиктирилбей облустардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын казыяттарына
берилет.
Ажыга баруучулардын тизмелеринде төмөнкүдөй маалыматтар
көрсөтүлөт: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү жана жери, жаша-
ган жери (каттоосу), паспорттук маалыматтары, иштеген жери жана кызма-
ты. Ажыга баруучулардын тизмелерин облустардын, Бишкек жана Ош шаарла-
рынын казыяттары ар бир барагын күбөлөндүрүүгө тийиш.
9. Топторду түзүүдө ар бир топко врачтын, дин кызматчысынын жана
араб тилине котормочунун киргизилиши милдеттүү шарт болот. Топко врач-
тын, дин кызматчынын жана арабчага котормочунун катышуусуна байланышкан
чыгымдар маселесин райондордун жана шаарлардын борбордук мечиттери жана
облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын казыяттары чечишет.
10. Ден соолугуна байланыштуу өзү баса албаган жарандар түзүлүп
жаткан тизмелерге аларды зыяратчылык убагында коштоп жүрүүчү адамдар
болгон шартта киргизилиши мүмкүн.
11. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Респуб-
ликасына бөлүнгөн квотанын эсебинен ажыга бара алышпайт.
12. Ажыга баруучулардын топ башчыларын (ажы башы) Кыргызстан му-
сулмандарынын дин башкармасы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын
казыяттарынын сунуштары боюнча аныкташат.
13. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы казыяттардын база-
сында зыяратчыларды ажылыктын жол-жоболоруна үйрөтүү боюнча атайын
курстарды өткөрүүнү уюштурат.
14. Ажыга баруучулардын тизмесине киргизилген адамдар Сауд Аравия-
сы Королдугунун Ажылык иштер боюнча министрлигинин талаптарына ылайык
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында милдеттүү түрдө ме-
дициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүшөт.
Сауд Аравиясы Королдугунун компетенттүү органдары жыл сайын белги-
лечү эмдөөлөрдүн тизмесин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана облустар-
дын, Бишкек жана Ош шаарларынын казыяттарына алдын ала билдирилет.
15. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ажыга ба-
рууну каалаган жарандарды медициналык кароо жана эмдөө боюнча ишти уюш-
турат.
16. Ажыга баруучуларда медициналык кароодон өткөнү жана эмделгени
жөнүндө Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдары берген эл аралык
үлгүдөгү справкалары болууга тийиш.
III. Документтерди тариздөөнүн тартиби
17. Түзүлгөн топтордун тизмелерин облустардын, Бишкек жана Ош ша-
арларынын казыяттары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасына Рама-
зан айы бүтөөрдөн 30 күн мурда беришет.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы ал тизмелер жактырылган-
дан кийин, бирок Рамазан айы бүтөөргө чейин 20 күн мурдатан кечиктир-
бестен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Чек ара кызматына жиберет.
18. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыр-
гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Сауд Аравия-
сы Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын жа-
рандарына Сауд Аравиясы Королдугуна кирүүгө (ажылык виза алууга) урук-
саттарды тариздөө үчүн келген консулдук кызматчылары менен иш жүргүзөт,
анын жыйынтыгы боюнча облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын казыятта-
рына маалымат берет.
19. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жана
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен ажыга
баруучулардын Бириккен Араб Эмираттары, Иордания жана башка мамлекеттер
аркылуу транзит виза менен өтүшүн камсыздоо боюнча иш жүргүзөт.
IV. Меккеге ажыга барууну уюштуруу
процессине мамлекеттик колдоо
20. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасына ажыга бурууну уюш-
турууга жана ишке ашырууга иштиктүү жардам берүү максатында Меккеге
ажыга барууну уюштурууга жардамдашуу боюнча мамлекеттик комиссия
түзүлөт.
Меккеге ажыга барууну уюштурууга жардамдашуу боюнча мамлекеттик
комиссиянын курамына кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын ви-
це-премьер-министри (комиссиянын төрагасы), Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
(комиссиянын төрагасынын орун басары), Кыргыз Республикасынын Ички иш-
тер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Респуб-
ликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мам-
лекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетек-
чилеринин орун басарлары жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кири-
шет. Меккеге ажыга барууну уюштурууга жардамдашуу боюнча мамлекеттик
комиссиянын персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-ми-
нистри аныктайт.
21. Ажыга барууну уюштуруу жана ишке ашыруу маселелерин өз убагын-
да чечүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агент-
тик менен бирдикте ажыга барууну уюштуруу боюнча оперативдүү штаб
түзөт.
Оперативдүү штаб жөнүндө жобону жана анын иш тартибин Кыргызстан
мусулмандарынын дин башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча бекитет.
22. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдарынын катышуусу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин
башкармасына, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын казыяттарына ажы-
га баруучуларды борбордоштурулган жөнөтүүгө жана кайра келгенде тосуп
алууга көмөк көрсөтүшөт.
23. Зыярат учурунда Мекке жана Медина шаарларында жүргөн зыяратчы-
ларга иштиктүү жардам көрсөтүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын
дин башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери бо-
юнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-
рлиги менен бирдикте жана Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясы Королду-
гундагы Элчилигинин жардамдашуусу менен Мекке жана Медина шаарларында
Сауд Аравиясы Королдугунун мыйзамдарына ылайык өзүнүн өкүлчүлүктөрүн
уюштура алат.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик агенттиктин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын,
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга баруусун уюштуруу
процессине катышкан Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик орган-
дарынын маалыматтарына негизделген отчету Меккеге ажыга барууну уюшту-
рууга жардамдашуу боюнча мамлекеттик комиссиянын заседаниесинде угулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2008 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.